Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматы
Аймактык органдарына ишкерлерге жаңы келишимдерди түзгөнгө
көрсөтмө берген эмес. Анткени, Ош шаардык салык башкармалыгы
расмий түрдө базарлардын, кичи базарлардын жана соода
борборлорунун жетекчилерине гана атайын кат жолдогон.
Ош шаардык салык башкармалыгынын жетекчисинин орун басары М.
К. Карыбековдун колу коюлган кат расмий түрдъ базарлардын, кичи
базарлардын жана соода борборлорунун жетекчилерине гана атайын
таратылган. Анда салыкчылар базарлардын жана дагы соода борборлорунун
жетекчилерине соодагерлер менен ижара туурасында келишимдерди
кайрадан түзүүнү суранышкан. Биринчи пункутта “Ижара берүүчү эгерде
ижарачы ар түрдүү нааразычылык, анын ичинде саясий мүнөздөгү акцияларга
катышса, келишим бир таратуу бузулат” деп жазылган.
Ал эми экинчи пункутта “Эгерде ижарачы жалган маалыматтарды таратса, же ижара берүүчүгө байланышкан башка дагы мыйзамсыз жоруктарды жасаса, ижара берүүчү келишимди бир тараптуу бузганга укуктуу!” деп бадырайта жазылган.
Бирок, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматынын
Борбордук аппаратынан жогорудагы фактылар кеңири териштирилип
жаткандыгын ачыкташты. «Ал эми Бишкек жана Ош шаарларындагы
митиндерге ишкерлердин катышуусу — бул ар бир жарандын иши жана
конституциялык укугу» дешти.
Ушул тапта өлкөдөгү бардык аймактык салык органдарына ишкерлер арасында түшүндүрүү жараянын күчөтүү жагы катуу тапшырылды. Анда көзөмөл-кассалык аппаратын (ККМди) милдеттүү урунуу, электрондук товар-транспорттук накладной (ЭТТН) жана электрондук счет-фактура (ЭСФ) жөнүндө кенен-чонон маалымат берүү жагы катуу милдеттендирилди.
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз,
СҮРЪТТЪРДӨ: 1) Ош шаардык салык башкармалыгынын
жетекчисинин орун басары М. К. Карыбековдун колу коюлган кат. 2)
Бишкектеги наарызычылык акциясынан бир сүртүм.
Сүрөттөр автордуку жана интернеттен алынды.