БАТКЕН. Баткен облусуна караштуу Кызыл-Кыя шаарынын көчөлөрүндө таштанды таштоочу урналар жана жол коопсуздугуна үндөгөн маникендер орнотулду.
Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын маалыматына караганда, мындай демилге шаар аймагында алгачкы ирет болуп жаткан чагы.
Мындан тышкары «Жашыл Мурас» улуттук өнөктүгүнүн жүрүшүндө санитардык тазалоо, айлана-чөйрөнүн тазалыгын камсыз кылуу, ошондой эле көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштери жүргүзүлдү.
Алишер Токсонбаев, өз кабарчы,
Сүрөтү автордуку.