БАТКЕН. «Кыргыз Республикасындагы айылдарды комплекстүү өнүктүрүү” долбоорунун алкагында “Гуд Нейборс Интернешнл” эл аралык уюмунун өкүлдөрү менен Баткен облусунун башчысы Абдыкарим Алимбаев жолугушту.
Баткен облустук бийлигинин маалыматына караганда, аталган жолугушуунун жүрүшүндө негизинен облустун айыл чарба тармагын ыраатуу өнүктүрүү жагы кызуу талкууланып, андан ары эки тараптуу кызматташуу жөнүндө сүйлөшүлдү. Тараптар мындан ары биргелешкен аракеттердин аркасында жаңы долбоорлор жана пландар жогорку сапатта жүзөгө ашырылып, келечекте жемиштүү жана ийгиликтүү болооруна дагы терең ишеничин билдиришти.
Белгилей кетчү жагдай: Корея эл аралык кызматташтык агенттиги (KOICA) 2015-жылдан бери Баткен облусунун аймагында көптөгөн социалдык-экономикалык долбоорлорду жүзөгө ашырып келе жатат.
Алишер Токсонбаев, өз кабарчы,
Сүрөтү автордуку.