БАТКЕН. Бул туурасында Баткен облусттук прокуратурасынын коррупцияга каршы аракеттенүү жана мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Салимбек Бапов билдирди.
Салимбек Баповдун айтымында, Баткен облусунун аймагында өткөн 2021-жылы балдар арасында 46 кылмыш жасалган болсо, 2022-жылы 108 кылмыш катталып, эки эсеге көбөйгөн. Булардын арасынан басымдуу көпчүлүгү уурулук болгон.
Ал эми жаш балдарга карата чоңдор тарабынан жасалган кылмыш 2021- жылы 37, 2022-жылы 40 кылмыш жасалган. Ошондой эле үй-бүлөлүк зомбулук боюнча былтыр эки кылмыш иши козголгон.
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз.
Сүрөтү автордуку.