• Чт. Мар 30th, 2023

Популярные метки

БАТКЕНДЕ 1 МИЛЛИОН СОМДОН АШЫК АТКЕЗЧИЛИК ЖҮК КАРМАЛДЫ

Автор:ruh_admin

Мар 17, 2023

БАТКЕН. Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришкендей,  соңку саатарда Баткенде кыргыз жаранынын  башкаруусундагы «Hyundai Porter» үлгүсүндөгү шектүү автоунаа тыкыр текшерүүгө алынды.  

Атайын кароонун жүрүшүндө автотранспорттун жүк бөлүгүнөн бажылык тариздөөдөн өткөндүгүн тастыктаган эч кандай документтери жок, 798 кап өлчөмүндөгү жез сынык калдыктары табылды.  Ошентип, кармалган товардын жалпы салмагы 1967 кило, ал эми орточо базар баасы 1 миллион 180 260 сомду түздү.

Аталган факт боюнча чогултулган материалдар териштирүү иштеринин алкагында Баткен облусунун прокуратурасына өткөрүлүп берилди.

Алишер Токсонбаев, өз кабарчы,

Сүрөтү автордуку.

 

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс