• Чт. Мар 30th, 2023

Популярные метки

ТООЛУУ АЙМАКТАРДА КАР КӨЧКҮ ЖҮРҮШҮ ЫКТЫМАЛ

Автор:ruh_admin

Мар 15, 2023

БИШКЕК. Үстүбүздөгү жылдын 11-мартынан 14-мартына дейре абанын температурасынын кескин түрдө жогорулашына жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, ошондой эле унаа жолдордо кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп, муз тоңот.

Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138 чакырымында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-260 чак. (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы); Суусамыр-Талас-Тараз унаа жолунун: 1-14 чак. (Өтмөк ашуусу); Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун: 70-107 чак.; Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун: 68- 113 чак. (Чапчыма ашуусу); Красная Горка-Ак-Таш унаа жолунун: 0-3 чак.; Бишкек-Нарын-Торугарт: 292-305 чак. (Долон ашуусу, Кара-Үңкүр капчыгайы); Казарман-Актал-Чат унаа жолунун 42-44 чак. (Ийри-Суу тилкеси), 60-94 чак. (Кара-Гөө ашуусу); Арал-Миң-Куш унаа жолунун: 1-14 чак.; Каракол-Эңилчек унаа жолунун: 45-50 74-86 чак. (Чон-Ашуу ашуусу); Барскоон-Ак-Шыйрак унаа жолунун: 52-68 чак. (Сөөк ашуусу) ушул тапта кооптуу акыбалда турат.

Ошондуктан, урматтуу жарандар, автоунаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл!

 

         Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз,

 Сүрөттөр автордуку.

 

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс