ОШ. Кыргызстандын Түштүк башкалаасынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы “Курманжан-Датка” МАБ менен биргеликте мыйзамсыз жарнак объекттерин демонтаждоо боюнча рейддерди тынымсыз өткөрүп келатат.
Кезектеги рейддин жүрүшүндө Ош шаарынын Апсамат Масалиев, Алишер Навои жана Тилеке Баатыр көчөлөрүндө мыйзамсыз орнотулган 85ке жакын жарнактар алынып салынды.
Ошентип, 34 ишкана-мекеменин жетекчилерине көрнөк-жарнактарды Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик тил жөнүндө” жана “Жарнак жөнүндө” мыйзамдарынын нормаларына ылайык келтирүү боюнча катуу эскертүү берилди.
Алишер Токсонбаев, өз кабарчы,
Сүрөтү автордуку.