• Чт. Мар 30th, 2023

Популярные метки

КЕРБЕН ШААРЫНДА КҮКҮРТ КИСЛОТАСЫН САТЫП ЖАТКАН МИЛИЦИЯ КЫЗМАТКЕРИ КАРМАЛДЫ

Автор:ruh_admin

Мар 15, 2023

ЖАЛАЛ-АБАД. Ички иштер министирлигинин Маңзаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери тарабынан Кылмыш-Жаза Кодексинин 284-беренеси (прекурсорлорду мыйзамсыз даярдоо) боюнча мурда катталган материалдын алкагында жүргүзүлгөн атайын тергөө аракеттеринин жүрүшүндө, Аксы районунун Кербен шаарында мурда контрабандалык жол менен күкүрт кислотасы алынып келинген материалдарды сатуу маалында Жалал-Абад облусунун Аксы райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкери, 1986-жылы туулган М.А.нын үйүнөн 563 кило 700 грамм күкүрт кислотасы алынды.

Ички иштер министирлигинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, буга дейре «контролдук сатып алуу» атайын операциясынын жүрүшүндө М.А. Ош облусунун аймагында 330 кило 950 грамм «күкүрт кислотасы» прекурсорлорун саткан. Алынган прекурсорлордун жалпы салмагы 894 килограмм 650 граммды түзгөн.

Ушул тапта Ички иштер министирлигинин Маңзаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын өкүлдөрү тарабынан бул кылмышка тиешеси бар башка дагы адамдарды аныктоо боюнча мындан аркы атайын тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө. Кармалган М.А. КР ЖПКнын 96-беренесине ылайык Өзгөн райондук РИИБсынын убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Алишер Токсонбаев, өз кабарчыбыз,

Сүрөтү автордуку.

 

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс