• Чт. Мар 30th, 2023

Популярные метки

БАТКЕНДИК ЖАНА ОШТУК ӨРТ ӨЧҮРҮҮЧҮЛӨРГӨ ЖАҢЫ АВТОУНААЛАР ТАПАШЫРЫЛДЫ

Автор:ruh_admin

Мар 15, 2023

Өзгөчө кырдаал министрлигине караштуу Баткен жана Ош облусу боюнча башкармалыктарынын түзүмдүк бөлүмдөрүнө өрт өчүрүүчү унаалар тапшырылды.

Маалыматка караганда, Ош облусуна 10 «HOWO», 7 «KAMAZ» өрт өчүрүүчү авто унаа жана 1 «HOWO» берилсе, ал эми Баткен облусуна 10 «HOWO», 4 «KAMAZ» өрт өчүрүүчү авто унаа жана 1 «HOWO» авариялык-куткаруу унаасы ыйгарылды. Заманбап өрт өчүрүүчү жаңы авто унааларды тапшыруу аземине президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов, Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдыкарим Алимбаев катышышып, жаңы унаалар атайын машыгууларда гана кызмат көрсөтүшүнө тилектештигин билдиришти.

Эске салчу жагдай: Өзгөчө кырдаал министрлигинин Баткен облусу боюнча башкармалыгына өткөн жылы дагы 4 өрт өчүрүүчү авто унаа жана жүргүнчүлөр үчүн 6 автобус алып келинген эле.

Алишер Токсонбаев, өз кабарчы,

Сүрөттөрү автордуку.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс