• Чт. Мар 30th, 2023

Популярные метки

Мирбек ГҮРӨҢОВ: “КЫРГЫЗСТАН БАРА-БАРА БОРБОР АЗИЯДАГЫ ЭНЕРГЕТИКАНЫН КОРОЛУНА АЙЛАНАТ!”

Автор:ruh_admin

Мар 13, 2023

Сөз тийсе мейли, көз тийбесин!
Соңку таптагы энергетикалык кризиске карабастан, Ош шаардык
электр энергиясын сатуу мекемеси Кыргызстандын Түштүк
башкалаасын электр энергиясы менен дагыле үзгүлтүксүз  камсыз
этип келатат. Карыздарды өндрүү жана энергетика тармагынын
болочогу туурасында аталган мекеменин директору Мирбек ГҮРӨҢОВду
ат жалында кепке тарттык.

-Мирбек мырза, Ош шаарында электр энергиясын ушул тапта
деги канча кардар урунуп келатат?

-Кыргызстандын Түштүк башкалаасында электр энергиясын 102 273
калк, 10 452 мекеме-ишкана жана дагы түркүн объектилер зарылчылыгына
жараша жагып келатышат.

-Бирок, кардарлардын Сиздердин акыңыздарды зарыктырбастан
өз убагында төлөө жагы кантти экен?

-Ушул тапта жеке керектөөчүлөр – жарандар ай сайын 14 697 сом
казынабызга төгүп турушат. Ал эми мекеме-ишканалар жана башка
объектилер дагы ар айда 294 650 сом өз эркинче төлөп атышат. Кудайга
шүгүр, азыркы тапта бул өңүттө ишканабызда олуттуу проблема жок!

-А буга чейинки ири карызкорлорду эмне кылдыңыздар?
Аласаңыздарды кечип ийдиңиздерби?

-Жо-жок! Эң ири карызкорубуз бул — “Ошжылуулуккамсыздоо”
муниципалдык ишканасы. Булар Ош шаардык электр энергиясын сатуу
мекемесине 245 миллион сом карыз. Буга улай майда карызкорлорубуз
дагыле көп. Айлабыз таптакыр куруганда, биз аларга электр энергиясын
берүүнү токтотуп, а түгүл өчүрүп дагы жатабыз. Муну дагы тоготушпаганда,
сотко  даттанып келатабыз.

— Мирбек мырза, адис катары Сиз Кыргызстандын келечегин
эмнеден көрөсүз?

-CASA-1000 долбоору ушул тапта Кыргызстанда ийгиликтүү жүзөгө
ашырылууда. Камбар Ата – 1, Камбар Ата – 2 ГЭСтери бүтүндөй
реконструкцияланып, заманбап  жабдылууда. Буга улай аймактарда дагы
чакан ГЭСтерди курууну абдан активдештирдик.
Буюрса, Кыргызстан бара-бара Борбор Азиядагы энергетиканын
королуна айланат. Мындайча айтканда, өлкөбүз энергетикалык көз
карандылыктан толук бойдон кутулат. Тескерисинче, жакынкы жана алыскы
өлкөлөргө электр энергиясын дагы экспорттойбуз. Бул аркылуу
республикабыздын экономикасын чукул арада оожалтууга гана өбөлгө
жаралаарына  терең ишенем!

Кепке тарткан: Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз

Сүрөттөр автордуку.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс