• Чт. Мар 30th, 2023

Популярные метки

ОШТО КАРМАЛГАНДАР БАТИР БЕРҮҮЧҮ КЕЙПИН КИЙИШИП, МЕКЕНДЕШТЕРИН АЛДАП ЖҮРҮШКӨН

Автор:ruh_admin

Мар 11, 2023

ОШ. Ош шаарында батир берүүчү кейпин кийишип жарандарды алдап жүрүшкөн жигиттер кармалышты. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын билдиришти.

Маалыматка караганда, аталган кылмыштуу топ Ош шаарынын аймагынан февраль-март айларында «Убактылуу жашаганга батир беребиз» дешип, жарандарды каратып туруп алдашып, а түгүл 6 миӊ сомдон 15 миӊ сомго чейинки акчаларын алдын ала алышып, андан ары изин суутушкан. Батир издеген жарандарды түрдүү рекламалык сайттардан, гезиттерден табышып, өздөрү батир сунуш этишкен. Алдын ала акчасын алган соӊ, түрдүү даректерден ачкычты алууну айтышып, өздөрү качып кетишкен. Мисалы, жабырлануучу бир аялдан 13 миӊ сом алган соӊ, «Үйдүн ачкычын «Народный» дүкөнүндө иштеген сатуучуга берип койгондугун, барып алып, үйгө кире берээрин айтып алдаган.

Ошентип, атайын издөөнүн натыйжасында Ош шаарынын тургуну 1997-жылы туулган Ж.А. жана анын кылмыштуу шериги 1993-жылы туулган М. М кармалышты. Экөө теӊ мурда соттолушуптур. Бул кылмыштуу топтон жапа чегишкен 6 жабырлануучудан арыз келип түшкөн. Шектүүлөр убактылуу кармалуучу жайга киргизилди.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз,

Сүрөт автордуку.

 

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс