ЖАЛАЛ-АБАД. Кыргыз жаранын Өзбекстанга уурдап барышып, барымтада беш ай кармашкан. Анан дагы аны бошотуу үчүн жакын туугандарынан 50 миң АКШ доллары өлчөмүндө акча талап кылышкандар акыры кармалышты. Бул туурасында УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка карганда, ушул жылдын 28-февралында О.С.Т. аттуу Кыргыз жараны УКМКга белгисиз бирөөлөр тарабынан Өзбекстандын аймагына О.Т.Т. аттуу агасын уурдап кетишкендигин айтып, аны бошотууну суранган. Акыры такталгандай, жогоруда кармалган адамдар 2022-жылдын 23-октябрында алдоо жолу менен (Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун аймагында жайгашкан) «Баймак» өткөрмө бекети аркылуу «О.Т.Т.» аттуу жаранды Өзбекстанга алып өтүп кетишип, ал адамды барымтага беш ай кармашып, аны бошотуу үчүн жакын туугандарынан 50 миң АКШ доллары өлчөмүндө акча талап кылышкан.
Кыргыз Респубдликасынын УКМКсы жана Өзбекстандын МККсы менен биргелешкен ыкчам-издөө иштеринин жүрүшүндө, О.Т.Т. аттуу Кыргыз жаранын уурдап кетишкен Өзбекстандын Наманган облусунун У.У.З. жана Б.К.И. аттуу эки жараны кармалып, Өзбекстандын МККсынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Ошентип, жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иштеринин натыйжасында, ушул жылдын 7-мартында уурдалган жаран Кыргызстанга алынып келинип, жакын туугандарына өткөрүлүп берилди. Ушул тапта кармалган Өзбекстан жарандарын кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча тиешелүү катаал чаралар көрүлүүдө.
Алишер Токсонбаев, өз кабарчы,
Сүрөт автордуку.