• Чт. Мар 30th, 2023

Популярные метки

КАДАМЖАЙДА АЯЛ ТУРГУНДАРДЫ  ИРИ СУММАГА АЛДАГАН

Автор:ruh_admin

Мар 11, 2023

БАТКЕН. Баткен облусуна караштуу Кадамжай районунун тургундарын алдап, анан дагы сызга олтургузган аял киши акыры кармалды. Бул туурасында Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Кадамжай районунун Майдан айыл өкмөтүнүн жергиликтүү тургундары 2022-жылдын июль айында гилас мөмө-жемиштерин сатып берем деп алып кетип, андан ары изин жашырып кеткен жарандын үстүнөн арыз менен кайрылышкан эле. Бул өңүттө жалпысынын 11 арыз түшүп, даттанышкан жарандарга жалпысынан 270 000 миң сомдук зыян келтирилген. Аталган арыздар Кадамжай РИИБсынын КБРне Кыргыз Республикасынын Кылмыш-Жаза Кодексинин 209-беренесинин (Алдамчылык) негизинде катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында кылмышка шектүү Чүй облусунун Сокулук районунун 40 жаштагы тургуну К.Н. аттуу жарандын өздүгү аныкталып, ал Ош облусунан кармалып алып келинди.

Баса, шектүү аял мурун дагы алдамчылык кылмышы менен жоопко тартылгандыгы аныкталды. Ушул тапта кармалган шектүү убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө иштери кызыды.

Алишер Токсонбаев, өз кабарчы,

Сүрөт автордуку.

 

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс