• Чт. Мар 30th, 2023

Популярные метки

БАТКЕНДЕ ЖАШТАРДЫ МЫЙЗАМСЫЗ ОКУТКАН МЕДРЕСЕ АНЫКТАЛДЫ

Автор:ruh_admin

Мар 11, 2023

 БАТКЕН. Баткен жергесинде мыйзамсыз окутуу иштерин жүргүзүп жаткан медресе аныкталды. Бул туурасында Баткен облустук ички иштер башкармалыгынан ырасташты.

Баткен облустук ички иштер башкармалыгынан маалымдашкандай, облустук милициянын Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматына Баткен облусунун аймагында мыйзамсыз ишмердүүлүк жүргүзгөн медресе бар экендиги боюнча ыкчам маалымат түшкөн. Кыргыз Республикасынын президентинин алдындагы дин иштер боюнча мамлекеттик комиссиясынын Баткен облусундагы өкүлү, Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын жана Кызыл-Кыя шаарлык ички иштер бөлүмүнүн Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын ыкчам кызматкерлери менен чогуу-чараан  Кызыл-Кыя шаарынын Караван айылына барышып, мыйзамсыз диний ишмердүүлүгүн жүргүзгөн окутуу жайды тыкыр текшерүүгө алышты. Мунун натыйжасында эч кандай уруксат кагазы жана дагы таптакыр каттоосу жок Кызыл-Кыя шаарынын жана Ош облусунун тургундарынын кыркка жакын жаш балдары ошол мекемеде жатышып, мыйзамсыз диний сабактарды окуп жатышкандыгы аашкеленди.

Ошентип, аталган факт Кызыл-Кыя ШИИБсинде мыйзамсыз диний ишмердүүлүк жүргүзгөндүгү үчүн дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө мыйзам боюнча катталып, тергөө амалдары абдан кызуу жүргүзүлүүдө.

Алишер Токсонбаев, өз кабарчы,

Сүрөт автордуку.

 

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс