Төраганын бейнесине сүртүмдөр
же Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевдин эл билбеген чыныгы жүзү тууралуу кеп
ЖУРНАЛИСТ БОЛГУСУ КЕЛГЕН СТУДЕНТ…
Бул макаламды жазуу, мен үчүн чындыгында кыйын болду. Анткени, буга чейин Нурлан мырза, мен үчүн бөтөн адам эмес эле. Жазсамбы, жазбасамбы деп көпкө ойлондум. Бирок, акыры өз кабыргам менен кеңешип туруп, ачуу болсо да жазууну туура көрдүм. Ага өзү себепкер болуп алды.
Мен Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевдин баскан жолун жакындан билип, жакшылык-жамандыкта катташып, байланышып жүргөн, саламыбыз түз ага-ини элек. Азыр ойлоп көрсөм, экөөбүз таанышкандан бери, көз ачып жумганча отуз жылдын жүзү болуптур. Анда мен “Кыргыз руху” газетасында иштеп жүргөн кезим болчу. Бир күнү, менин иш бөлмөмө арыкчырай жигит баш багып калды. Ал журналист болсом деген ынтызарлыгын, бул кесипке кызыгарын айтып, өзүнүн аты-жөнү Нурланбек Шакиев экенин, Айыл-чарба институтунун студенти болорун айтып таанышкан элек. Ал өз сөзүндө, “Бекен аке, менин жазган макаламды жооптуу катчы эже жарымын чийип, жараксыз кылып салды. Эмне кыламын?” деп өзү Аксыдан боло турганын кеп кылып, жалооруй карап калды. Анын ыйлап жиберчүдөй өңүн көрүп, боорум ооруй түштү. Ошол кездеги газетанын жооптуу катчысына Нурланды жетелеп барып, “Камара эже, бул жигит сиздин кайниңиз, Аксыдан болот. Күйөөңүз Салибай Шатмановдун жердеши болот экен, таанышып алыңыз” дедим. Камара эже, “… бул жигиттин жазганын окудум, макаласында эмне айтайын деген оюн түшүнө албадым. Ошон үчүн ашыкча жерлерин чийип салдым…” деп калды. Мен Камара эжеге, “Эми бул жигиттин журналист болом деген аракети бар, жазып келгендерин оңдоп-түзөп, маанайын түшүрбөй, бир аз колдоп, көтөрмөлөп чыгарып коёлу. Айыл чарба окуу жайында окуса да жазганга кызыгат экен. Журналистика факультетинин студенттериндей, мындай макала жаз деп талап кыла бербеңиз. Зирек жигит, эң башкысы журналист болууга кызыгуусу бар экен. Эми, өзүңүз билесиз, Айыл-чарба институтунан залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов, белгилүү акын Жолон Мамытов, ж. б. атактуу чыгармачыл адамдар чыккан. Бул жигит да кийин таскагы катуу чыкса уят болуп, жер карап калбайлы. Көтөрмөлөп, оңдоп-түзөп чыгарып туралы… Ар жагында чын эле аракети болсо журналистиканы үйрөнүп кетер…” дедим. Ошол күндөн баштап, жазып келген ортозар макалаларын оңдоп-түзөп, бир сыйра “малалап” дегендей чыгарып, көңүлүн көтөрүп, аз да болсо шык берип колдоп келгенибиз чындык. Нурланбек өзү деле “… мени журналистикага алып келген устатым сизсиз…” деп мага айтып калчу. Аны Нурланбек өзү деле жок деп, танбаса да керек. Жогорку Кеңешке төрага болуп келгенден бери, тааныш журналисттер, “… баягы Нурлан Шакиев жок, төрөпейил болуп, менменсип бой көтөрүп, көөп калыптыр!” десе анча ишенген эмес элем. Жакында мени кабыл алды. Кеңешчиси Сакы Садыковдон, “Бекен аке мага беш жолу чалыптыр, эмне жумуш бар экен?” деп сураптыр. Бирок, менин телефон чалганымы көрүп туруп, албай койгонун угуп көңүлүм муздай түштү. Буга чейин чалганымда дароо эле телефонун алчу. Кийин кабыл алып, анын иш бөлмөсүнөн жолугуп, сүйлөшүп отурганда, “баланын өзгөргөнүн”, анын төрөпейил мүнөз күтүп калганын бир байкадым. “Калк айтса калп айтпайт” дегендей эле бар экен. Өзүнө билинбеши мүмкүн, төрөпейилдиги, менменсинүү жагы чындыгында байкалып турду… Кыргыздар бекер жеринен, “көрбөгөндүн көргөнү курусун…” же “ат минбеген минип өлтүрөт” деп айтпаса керек. Түштүктүктөр айткандай “амал” адамды бузат экен деген сөз чын тура.
ГАЛУСТУГУ БАР, КАЛЫСТЫГЫ ЖОК ТӨРАГА
Ушул кезге чейин Нурлан туурасында, аны сындап макала жазамын деген ой башыма такыр келчү эмес. Бул макаланы жазууга өзү себепчи болуп, ушул кадамга мени түрттү. Анын калыстыгы жок, төрөпейилдиги мага болгон жеке мамилесинен көрүндү. Ушул макаламды окуп алып, “… аялын кызматтан кетирип салсам, мени сындап жазып жатат!” деп айтары бышык. Кеп башкада, менин келинчегим ары жак, бери жагы болуп жыйырма беш жылдай Жогорку Кеңеште иштеп, (ЖКнын төрагалары А. Эркебаев, А. Бөрүбаев, Ө. Текебаев, М. Султанов, А. Мадумаров, А. Тагаев, З. Курманов, А. Келдибеков, А. Жээнбеков, Ч. Турсунбеков, Д. Жумабеков, Т. Мамытов) убагында иштеп келди. Акыркы он беш жылга жакын бөлүм башчы болуп, ЖКга ак эмгек өтөдү. Ал эми, бай-манаптык мүнөз күткөн Шакиевдин ушунча жыл парламентте кызмат кылышы күмөн. Көптөгөн жылдар бою иштеп, келинчегим бир да жолу иштеген иши боюнча жетекчилик тараптан эскертүү же сөгүш алып көргөн жан эмес. Өзү деле чарчадым, жумуштан кетемин деп жүргөн. Мен жакында эле Нурланбек Шакиевдин кабыл алуусунда болуп чыкканмын. Жаңыдан гана басмадан чыккан “Генерал Асанкулов” аттуу эки томдук китебимди кол тамгам менен берип, көпкө деле кармалган жокмун. Бирок, биз экөөбүз жолуккан кезде мен Нурланга, “… жеңеңди өз ордуна калтырып кой!” деп, бир ооз сөз айтып, суранганым да жок. Ал өзү да, жеңесин кызматтан кетире турганын мага айткан эмес. Бул жолу мен сыйлап жүргөн Нурлан мырза, жеңесин өзүнө чакырып, “… жеңе, ушунча жыл Жогорку Кеңеште ак кызмат кылып, башкаларга үлгү көрсөтүп жакшы иштеп бергениңизге чоң ырахмат!” деген жылуу сөзүн айтып, адамча узатып койгонго жарабады. Менменсиген пастыгына, алыска ой жүгүртө албагандыгына таң калдым, ушул сапаты мени чындап өкүндүрдү. Биз бири-бирибизге бөтөн адам эмес элек. Көрбөгөндүн, көргөнү курусун, а, бала көпкөн экен дедим ичимден. Кызматтан кетирип жаткан ЖКнын кызматкерлерин, төрага өзү кабыл албай, анын ордуна маданиятсыз, Ош базарында эт чапкычтай болгон орой мүнөз, сабатсыз, адамдарга копол мамиле кылган, айтарга өз пикири жок, “шефтери” берген буйрукту гана аткарган робот сымал “кошоматчы” Карапашев Бакыт деген аппарат башчысынын орун басары кабыл алыптыр. Ал төрага Шакиевдин “фас!” деген командасын гана уккан бир желдет окшойт. Алгач эле сөзүндө, …”тезинен арызыңды жазып, түйүнчөгүңдү түйүп алып, жумуштан кеткиле!” деп Карапашев кызматкерлерди демитип, беттен алып орой мамиле жасап, катуу тийиптир. Ушундай мамиле кантип болсун. Эмне деген жапайычылык. Карапашев маданиятсыздыкты, көрсөтүп, көптөгөн жылдар бою көз майын кетирип, ЖКда таза иштеп, ак эмгек кылып берген кызматкерлерге кадырын тебелеген мамиле кылганы жакшы эмес. Мындай орой мамилеге чыдабаган келинчегим дароо эле башкаларга үлгү болоюн деп, өз арызын жазып бериптир. Ал тургай, аялым мага “Шакиевге айтам деп кадырыңды кетирбе! Башкалар да кетип жатышат… Андан суранба!” деп кесе айтты.
Нурлан үкөм, жеңең кол алдыңда иштеген сенин аксылык карындашыңа, “… мен жумуштан кетүү боюнча өз арызымды жаздым. Колуңдан келсе чурка, төрагага кирип бөлүм башчы болгонго аракет кыл. Эмесе, башка жактан алып келип отургузуп коюшу мүмкүн…” деп айтканы да чындык. Карапашевдин маданиясыздыгы, ит кубалагандай мындай орой мамилеси көпчүлүккө жаккан жок. Атактуу жазуучу Качкынбай Осмоналиевдин кызы Ырыс Осмоналиева, ошондой эле ЖКнын “ветераны” катары белгилүү болгон Сатынды Бактаева, ал эми союз убагында эле басмаканаларда иштеп, күчтүү редактор катары элибизге таанылган Жумабек Медералиевдин баркын кийин бир эстейсиңер! Андай күчтүү, белдүү редакторлор ЖКга бүгүн аба менен суудай керек эле. Эми, ансыз да сабатсыздар толуп алган ЖКда Жумабек Медералиевдей күчтүү кадрларды баалап, ”арызыңды жазып кет!” деп ит кубалагандай кекетип-мокотуп демитип мамиле кылбай, кадырлап-сыйлап адамдай узатышса болмок. Жогорку Кеңештин төрагасы бардык жагынан үлгү, парламенттин жүзү болушу керек эле. Аны кызматтан кетиргенден көрө, көп жылдык бай тажрыйбасын алып, дагы иштетип колдонсоңор туура болмок. Анын жашы өтүп калды дегидей Медералиевди эмне, жаштарга кошуп жарышка салып, алыс аралыкка марафонго чуркатмак белеңер. Мындай союздан калган, такшалган күчтүү редакторлор азыр жокко эсе, чанда кездешет. Жогорку Кеңеште өмүр бою иштеген кызматкерлерин төрага өзү кабыл алып, адамча жылуу сөзүн, ыраазычылыгын айтып, “далыдан таптап” дегендей белегин берип, конвертке жылуу пикир жазып колдоруна карматып, адамдай мамиле кылып узатып койсо алардын деле шагы сынмак эмес. “Эшегине жараша тушагы” дегендей кептин баары, ЖКнын төрагасы менен Карапашевдин көрөңгөсү жоктугу менен деңгээлдеринин төмөндүгүндө болуп жатпайбы? Бул көрүнүш албетте өкүнүчтүү. Кадырды билген, наркты билген төрага болсо, анда калк арасында кадыр-баркы өсмөк эле. Жаштар өсүшсүн, ага эч кимдин ичи таарыбайт. Мыйзам боюнча сөз кылып кетким келип турат. Мыйзам алдында баары бирдей болушу керек да. Жумабек Медералиевдин “… биздин балдарыбыз Жогорку Кеңеште депутат болбосо, биз жумуштан кетебиз да…” деген сөзүнүн чындыгы бар. Марлен Маматалиевдей баласы Жогорку Кеңештин депутаты болуп турганда, анын апасы булар менен кошулуп кетпей, “ызы-чуу” бүткөнчө ооруп жатып калганы да таң калыштуу. Эми болсо, анын ордуна ылайыктуу адам табылбай жатыптыр. Ал өзү да уялып «кетип эле калайын, уулум мыйзам чыгаруу бийлигинин өкүлү болсо, анан мен мыйзам бузуп, пенсия курагымда коллегаларымды кетирип коюп, уулума жамынып отуруп алганым уят» дебей ордун ээлеп отурат. Ордуна ылайыктуу адам таппаганы күлкү келе турган сөз да. Төраганын калыстыгы жоктугунан гана бул сөз айтылып кетти. Мен урматтаган жеңем иштей берсин, ага эч кимдин деле ичи тарыган жок. Мыйзам деген баарына бирдей болушу керек эле. Кеп төркүнү ошондо… Бул жерде, мыйзамдан аттап өтүп, калыстык болбой калганы боюнча гана айткым келди. Нурлан иним, убагында мени менен касташып, ММК беттеринде кызыл-чеке болгон ЖКнын төрагалары Ө. Текебаев, А. Тагаевдер да сендей пастыкка барган эмес эле. ЖКнын депутатынын апасы кызматта калып калганы, ал эми карапайым кызматкерлердин кыскарууга кеткени парламенттин төрагасы Нурланбек Шакиевге кадыр алып келген жок. Мыйзамды талап кылып кетирдиңби, баарын кетир. Туурабы? Калыстыктан тайганың үчүн гана, ачуу болсо да ушул чындыкты айтып койгум келди. Мырза төрага, сенин айтар чындыгың ушулбу? Эгер билсең, Нурланбек бул сенин эки жүздүүлүгүң, түркөйлүгүң деп билем. Депутаттын апасына болобу, жөнөкөй кызматкергеби, мыйзам алдында баарына бирдей калыс болушуң керек эле. Жашы жагынан депутат Марлен Маматалиевдин апасындай болсо да, колдогон эч кимиси жок, ошол эле курактагы атактуу жазуучу Качкынбай Осмоналиевдин карачечекей кызы, өз ишин мыкты билген Ырыс Осмоналиеваны да кызматтан кетирдиң. Анткени колдоочусу же депутат баласы жок эмеспи. Дайыма чынчыл болуп көрүнүмүш болуп келген “жагымпоз” Нурланбек Шакиевдин чыныгы жүзү ушулбу же депутаттын апасына бир мыйзам, колдоочусу жок Ырыс Осмоналиевага башка мыйзам иштейби? Нурлан иним калыс, чынчыл болсоң баарына бирдей болушуң керек эле. Колуңдан келбейби, элге чынчыл болуп, калп эле короздонуп көрүнө бербе! Ошондо гана сени башкалар сыйлайт эле деген сөздү айткым келип турат. Сен бул жолу калыстыктан тайдың, кемчилигиңди мойнуңа ал! Мыкты кызматкерлерди кетирүү бул реформа эмес. Алардын ордуна өз тааныштарыңды, аксылык жердештериңди жумушка алып жатканың да белгилүү. Ар бир кадамыңды эл эсептеп отурат.
НУРЛАН ШАКИЕВ, БАЯМАН БАЛБАНДЫН ӨКҮЛ УУЛУ
Арт жакка кылчая карасам, кайран жаштык учкан куштай бир көз ирмемде өтүп кеткен экен дейсиң… Нурланбек Шакиевди эстесем, эч кимге белгисиз, аты-жыты жок ырчы, чоорчуларды жазган “Обон” деген гезитке жаңы келип журналист болууга делөөрүп, эң жаш редактор болдум деп терисине батпай жүргөн сары ооз балапан кези эсиме түшөт. “Обон” гезити демекчи Нурлан “Обон” гезитинде деле кыйратып обон созбоду. “Обонуң” болбойт экен, маданият кызматкерлеринен не пайда дедиби, андан көп өтпөй үй-бүлө күтүп, нике кайып болуп кыз-жигит болгон ашыгына үйлөндү. Жакшы кабарды уккан Нурланбектин атасы, “…айылдык башы көрүнгөн бирөөнү сага өкүл ата кылып сүйлөшүп койдум балам!” деп сүйүнчүлөп айтат. Ал эми Нурланбек атасынын бул тандоосун жактырбагандай мурдун чүйрүп, “… ата, андай айылдык адамыңыздын кимге кереги бар? Мага өкүл ата издеп убара болбой эле коюңуз, мен кыргыз элине башы көрүнгөн бизнесмен, менин келечегиме пайдасы тие турган Баяман Эркинбаевди өкүл ата кыламын!” деп атасынын шагын сындырганын, өзү айтып берген жайы бар эле. О, кызталак амалпараз дейсиң да айласыздан. Ошентип, бейиши болгур ыраматылык Баяман Эркинбаевди өкүл ата коюп, анын колдоосу менен “Учкун” деген гезит ачканы эсимде калыптыр. Баямандын жардамы менен гезит чыгарымыш болуп да көрдү. Бирок ара төрөлгөн баладай ал чыгарган гезити деле көпкө узабады, ара жолдо “чарчап” калды окшойт. Кийин бийлик төбөлдөрү Баяманды каралаган, өмүрүнө коркунуч келген кезде бул “өкүл бала” тилин жутуп алгансып, дудук болуп “өкүл атасына” бир макала жазып колдоп-коргоп койгонго да жарабады. Шакиевдин мындай учурда куйрукту түйүп, өз убагында “жылт” этип качып кетмей адаты бар эмеспи. Гезит чыгаруу түйшүгүн көтөрө албады көрүнөт, даяр гезитке жетекчи болууну эңсеп, көп өтпөй ал кездеги Президент Аскар Акаевдин пресс-катчысы болуп жүргөн Каныбек Иманалиевдин артынан калбай жүрүп, акыры тилин таптыбы, анын колдоосу менен мамлекеттик “Эркин-Тоо” гезитине башкы редактордун орунбасары болуп барууга жетишти. Журналистика жаатында канча убакыттан бери жүрбөсүн, Нурландын ушул жашка келип окурман журтунун эсинде калган чеке жылытарлык бир макала жазганы же журналисттердин чөйрөсүндө, же окурмандардын эсинде калган эмес. Ошон үчүн журналистмин деп көкүрөк керип айта да албайт. Кийин деле Курманбек Бакиев менен иштеп жатып, Баяман Эркинбаев менен президент экөөнүн ортосундагы саясый абал курчуп турган кезде ортого түшүп, жылуу мамиле кылып араларын түздөп койгонго жарабады. Мынча болду, сөз кылып калган соң ЖКнын төрагасы, “амалпараз” Нурланбек Шакиевдин чыныгы жүзүн ачып, окурман журтуна айтып коюуну туура көрдүм. Анын ким экенин карапайым окурман журту билип алышсын.
БАКИЕВГЕ ӨМҮР БОЮ КАРЫЗДАР БОЛГОН ШАКИЕВ
Чын-чынына келгенде, бул жашоодо “төрага” Шакиев, экс-президент Бакиевге чачынан баштап, бутунун тырмагына чейин карыздар экенин баса айтып койсом да туура болот го. Нурлан мырза Курманбек Бакиевдин ага жасаган жакшылыктарын унутса, анда анын көзүнөн чыгып кетет! Мурдагы өлкө башчысы Курманбек Бакиев үчүн жаңырган жыл, анын өмүрүндөгү эң кайгылуу жылдардын бири болду. Балдарынын апасы, өмүрлүк жубайы Назгүл Төлөмүшевадан ажырап, 25-январда Курманбек Бакиевдин жакын туугандары Бишкек шаарында эл чакырып куран окутушту. Келгендердин баарын айтпаганда да Жогорку Кеңештин мурдагы төрагалары М. Шеримкулов, А. Мадумаров, А. Келдибековдор келишип эл катары, адамдык бир парздан кутулушуп, куран окуп кетишкенине элдер да ыраазы болушту. Курманбек Бакиев президент болуп турганда, анын көлөкөсүндөй болуп, артынан калбай ээрчип жүргөн ЖКнын азыркы төрагасы Нурланбек Шакиев бул куран окутууга негедир келбеди. Эмне үчүн экенин биле албадык. Балким Бакиев деген фамилиядан корккондур. Чындыгында, кайгыга батып турган, бозгунда жүргөн Бакиевге салыштырмалуу бүгүнкү күндө телегейи тегиз болуп, жашоодо ити чөп жеп турганда өзү да келгенди каалабады көрүнөт. Ошондой эле саясый карьерасына зыяны тийип калбасын деп балким корккон чыгар. Табиятынан “амалпараз” аталган Шакиевдин эл көзүнө көрүнүшүнүн эмне кереги бар эле. Кай жерде болбосун жеке карьерасы үчүн, өз кызыкчылыгы, пайдасы болсо гана тумшугун тыга калган Шакиев эсеп менен жашаган адам экени башынан бизге белгилүү дечи. Президенттин пресс-секретары болуп Ак үйдө иштеп жүргөндө, шаардын ортосунан, престиждүү жеринен эки участок алганын мактанып айтып калчу. Бакиевдин колунда иштебесе, ага ким эле эски аэропорттун айланасынан участок бермек эле. Ал тургай президент Бакиевге үй салып жатканын кулак кагыш кылганда, Курманбек Салиевич колу ачык адам экенин билебиз да, Президент Бакиев “… Нурлан, үй салып жатыпсың, мына бул 10000 (он миң) доллар менин жардамым, сага болгон кошумчам болсун!” деп уучтап долларды колуна карматканын Нурлан мырза ооз толтура мактанып айтып берген жайы бар эле. Азыр ошол үйдө үй-бүлөсү менен жашап жатат. Андай кезде, Курманбек Бакиев жакшы адам болуп, эми экс-шефи кайгыга батып турганда, куйругун кесип кеткен кескелдириктей жым болуп турганы уят эле иш. Адамдай болуп, куран окуткан жерге келип, “экс-шефин” сыйлап элге жүзүн көрсөтүп койгонго жарабады. Мына, Шакиевдин чыныгы адамдык жүзү. Эгер, Бакиев президент болуп турганда ушундай кайгылуу иш болсо, Нурлан мырза короз кыйкыра элек кезде элдин алдында келип, кабак-кашын бүркөп, шымалана жылкысын кошо союшуп, казан башында от жагып, кызмат кылып отун жарып, бети-башы көө болуп кошоматка кой союп жүрмөк эле. Азыр башка хордо ырдап жаткан артисттей болуп турганда, ага Бакиевдин эмне кереги бар эле. Бакиев бүгүн “ооматтуу” Шакиевге азыр кереги жок, ал үчүн өткөн чак эмеспи. Мындай эки жүздүү, беш кырдуу адамдар, бул жашоодо чындыгында “ковидден” да коркунучтуу болот эмеспи. Бийлик башындагылар да ушундай шумпайларга дайыма алданып келишет. Нурланбек Шакиевдин жылдызы 2005-жылы бир жанган. Шакиев революциялык иштерге башынан эле катышпайт, ит менен издесең да аны табууга болбойт. Бирок, токулуу атка, даяр ашка келгенде дайыма пайда боло калмай адаты бар. Анан 2005-жылкы бийлик алмашуу менен Президент Курманбек Бакиевдин ишенимине кирип (ишенимге кирүү да өнөр окшойт, Нурлан өзү каалаган адамдын ишенимине ар кандай жол менен самыны жок кирип кетет эмеспи) Бакиевдин үйүнө каттап жүрүп “Эркин-Тоо” гезитине башкы редактор болду. Ал жерде бираз иштеген соң, КР Президентинин пресс-катчысы болуп дайындалды. Ошол пресс-катчы болгон мезгилинен баштап “бала баатырдын” даана деңгээли, чыныгы жүзү көрүнө баштады. Дайыма журналисттердин ырыскысын талашып келгени менен ал көзгө басар журналист боло албады. Эл аралык мамилелер боюнча жолугушууларда чет элдик билимдүү пресс-катчылардын алдында мажирөөлүгү билинип, өз ишин жөндөп алып кете албай, расмий тилде какап-чакап, онтоп сүйлөй албай, уят болгонунун соңунда президенттин пресс-катчылык кызматынын жоюлушуна алып барды. Азыр да мобул турган баштагы союздун алкагындагы иш сапарларына чыкканда да жанына дайыма котормочу алып жүрөт. Нурлан сыяктуу пресс-катчынын кереги жок экенин сезген президент Курманбек Бакиев ал кызматты жоюп салууга аргасыз болгон. Ушул бала да менин жанымда жүрдү эле деп кийин да Бакиев, Нурланды “ЭлТРге” директор кылып бекиттирип кутулду окшойт.
Нурлан өзүн элге мыкты менеджер катары тааныштырганды жакшы көрөт. Бирок, ал жетектеп иштеген бир дагы тармак жаңы багыт менен өнүгүп, көкөлөп кеткенин көрө элекпиз. Аны жакындан билгендер мыкты менеджер эмес, өз ырыскысын дайыма эрте жеп алган “мыкты мээнет жээр” деп айтып жүрүшөт. “ЭлТРди” убагында КР Президенти К. Бакиев колдоп, мамлекеттик бюджеттен миллиондогон акча каражатын бөлүп берип жүрүп, КРдагы №2-телевидение кылганын “Мен “ЭлТРди” мыкты телевидение кылдым” деп эч уялбай жомок кылып, мактанып айтып жүргөн жайы бар. Ал Бакиевдин жардамы менен болгон иш экенин дайыма жаап-жашырып келет. Жоктон бар кылып, ак эмгеги менен жан үрөп иштеген жамаат жөнүндө бир да сөз жок. Өзү да, коллективдеги кызматкерлердин мээнети менен болуп жатканын ачык айткысы келбейт… Бул жагынан, тили буудай кууруган Н. Шакиев өтө эле мактанчаак жагы бар. Ал жагын баары эле билет эмеспи… Эмне үчүндүр, акыркы кезде азыркы бийлик К. Бакиевди реабилитациялап, актап Кыргызстанга алып келет деген сөздөр эл арасына тарап кетти. Ушундай кезде, “Бакиев Кыргызстанга келсе камакта отурушу керек!” деген жоопту Баш прокуратуранын оозу менен айттырышты. Ушул учурда, 2010-жылы Ала-Тоо аянты менен Ак үйдүн алдындагы кандуу окуя боюнча, өлгөн адамдарды жалгыз гана Курманбек Бакиевдин жеке мойнуна илип салууну максат кылып жатышат. Кыргызстандагы кайтарууда турган №1 обьектиге Атамбаевдин “Форум” имаратынан келген курал-жарак көтөргөн жаштар, анын тарапташтары кол салганын унутпасак. Алмаз Атамбаевди колдогон куралчан жаштар Ак үйдү аткылаганынан, ортодо атышуу башталып, кан төгүү болгонун элибиз жакшы билет. Ошол “Форумдун” кожоюну Атамбаев “Миң адам өлсө да бийликти алабыз!” деген кара ниеттик менен айткан сөзүн элибиз эбак эле уккан. Бул кан төгүүнүн артындагы чыныгы авторлорунун бири Атамбаев экенин ЖКнын төрагасы Н. Шакиев билсе да, батынып өз сөзүнө-өзү какап айта албай келет. Бүгүнкү күндө Нурлан Шакиевдин төрагалык кызмат орду бар жетекчи. Бакиевди ачык колдобосо да ачуу чындыкты эл депутаты катары Шакиев айтышы керек эле. Экинчиден, Шакиев ушундай учурда Бакиевди колдоп чыккыдай келесоо беле. Ага азыр Бакиевдин, карапайым элдин чындыгы эмес, ЖК төрагасынын креслосу кымбатыраак көрүнүп турган кези. Пайдасы жок жерге, Шакиев эч качан башын, тумшугун тыкпайт эмеспи. Колунда бакыйган ТВсы турса да ушул даражага жеткирген экс-президент Курманбек Бакиевди колдоп маек алып, анын ой-пикирин элибизге жеткирип коюуга жарабады. Шакиев мына ушундай эки жүздүү, коркок адам экенин ачык эле айтып койгонум оң.
ПРЕЗИДЕНТ БОЛБОЙ КАЛГАН АДАХАН МАДУМАРОВДУ ТАШТАЙ КАЧКАН НУРЛАНБЕКТИН ДАГЫ БИР ЖҮЗҮ
Мамлекеттик төңкөрүштөн соң, Бакиев өлкөнү таштап кетүүгө аргасыз болду. Нурлан Шакиев ошол бойдон куйругун дароо кесип, Бакиевди тааныбаган адам болуп четке чыга качты. Бакиев ММКдан аны каралап тепкилеп жатышканда, канча жакшылыгын көргөн Шакиев момолой арс чычкандай ийинине кирип кеткен бойдон чыкпады. Кыргыз журналисттеринин арасынан алгачкылардан болуп, Бакиевден маек алып келгеним окурман журтуна белгилүү. Сүйлөшүп отурганыбызда сөз арасында Курманбек Бакиев, “… менин жакшы көргөн инилерим Нурлан, Кыяз, Султандардан кабар жок го. Мени эстешеби?” деп сурап калды. Бир кезде эң жакын адамы болуп К. Бакиевдин резиденцияда жашаган үйүнөн чыкпаган Нурлан Шакиевди азыркы кезде ит менен издеп табыш кыйын болуп калды эле. Андан соң 2010-жылы, эл арасында жылдызы жанып, болочокто Адахан Мадумаров сөзсүз президент болот деген сөз эл арасында катуу тарап, ар бир кыргыз баласынын оозунан түшпөй саясый кумир болуп турган кези эле. Мурдунда жыт билүү сезими күчтүү Нурланбек мырза ошол күндөрү Мадумаровдун айланасында кытайдын клейиндей жабышып, кадимки парвана көпөлөктөй Адахан мырзаны айланчыктап, учуп калган кези эле. Ал шайлоодо ар кандай интрига болуп, Адахан Мадумаров шайлоочулар берген өз добушун “уурдатып” жиберди да, чоң саясаттагы багы ачылбай калганы окурман журтуна белгилүү эмеспи. Чак түштө, анын добуштарын компьютердин жардамы менен уурдап кетишти деп ачык айтсак жарашат. Ал эми Адахан Мадумаров шайлоодо утулуп калып, ачык эле бийликти сындап оппозицияга кетти. Анын жанында көлөкөсүндөй ээрчип жүргөн баягы Нурлан баатыр, бир заматта куйругун кескен кескелдириктей, же болбосом куйругун кыпчыган жолбун дөбөттөй болуп анын жанынан заматта качып жок болду.
Адахан мырзадан жүзүн үйүрүп, “Ата-Журт” партиясына кире качып, орто жолдо ал парт-Босстун кудурети, анын жардамы менен КР Маданият министри боло калды. Ал жерде да анын кожо көрсүн саясаты тез эле билинип, кадыры түшүп кызматтан кетүүгө аргасыз болду. “Бактылуу торопойдун мурдунан пок кетпейт” дегендей ал көп өтпөй Ахматбек Келдибековдун жолдомосу менен “New TV” теле каналына “Ихлас” курулуш компаниясынын каржылоосу менен жетекчи болуп барып, “… аны мен уюштурдум!” деп мактанып да чыкты. Акча каражатын ким берсе, ошол адамдын ийгилиги, эмгеги деп атын баалап “Ихластын” атын айтууга ихлас кылбады. “Мен” деп гана мактанып келди.
НУРЛАНБЕК МЫРЗА СООРОНБАЙ ЖЭЭНБЕКОВДУ КАНДАЙЧА САТКАН…
Менимче, Нурлан Шакиев жаңыдан бийликке келген Сооронбай Жээнбеков менен да өтө жакын болуп, президент кезинде ага кирип чыккан сайын, “Соке өзүмдүн акам, бүгүн кирип кырк мүнөт сүйлөшүп чыктым, же бир саат сүйлөшүп чыктым…” деп мактанып калчу. Чындыгында, ошол күндөрү президент С. Жээнбеков экөө иттин жүнүнөн да калың болуп кеткен жайы бар эле. Ал тургай Президент С. Жээнбековго күйгөн адам болуп ”Эй, Атамбаев, сенин ордуң түрмө!” деп өзүнүн ТВнан Алмаз Атамбаевге тап берип, чакчырылып чыккан да ушул Нурлан мырза эле го. Бул амалы менен Президент Сооронбай Жээнбековго жакындаш үчүн Асилбек Жээнбековго жагына, кошомат кыла сүйлөп, ат тезегин кургатпай аны менен ыңгайлуу жерлерде жолуга калууга өзүнө шарт түзгөн эле. Президенттин бир тууганына, алардын үй-бүлөсүнө жан-жүрөгү менен берилип күйгөн, сүйгөн адам болуп Атамбаевди жамандап, жасакерлене баштаганы элдин эсинде. Бул Шакиевдин адамдарды өзүнө тартуу, “алтын балыкты” кайырмакка илүү ыкмасы экенин көбү билбейт эмеспи. Там бериш керек, бул жагынан өтө эле эпчил адам. Көрсө, эмне эле президент С. Жээнбековго кошомат кылып, Асилбек Жээнбековго паркты аралай жолугуп, алардын оппоненти болгон адамдардын баарын жамандап, “башкы үй-бүлөө мүчөлөрүнө” жагынып, өзү гана алардын үй-бүлөсүнө жалгыз күйгөн адам болуп көрүнгүсү келип артисттик өнөрүн ишке ашырып, акырындап, карыштап, сөөм-сөөм жакындап дегендей кадам шилтеп, ээсине берилген күчүктөй шыйпаңдап ишенимге кире баштайт. Асилбек Жээнбеков аркылуу президент С. Жээнбековго жолукканга шарт түзүлүп, ага да тез-тез жолугуу мүмкүнчүлүгүн алат. Президент Сооронбай Жээнбековго жолукканга анын бир эле максаты бар эле. Президентке жолуккан сайын Нурлан Шакиев өз инисин “районго акимдик кызматка коюп бериңиз?” деп сурана берип, тажата баштайт.
Президент болгон соң, С. Жээнбеков Нурланбек мырзанын бир тууган инисинин жөндөмүн, жетекчилик деңгээлин, мындай жооптуу кызматты аркалап кете алабы, канчалык даремети бар деп кадрлар кызматы аркылуу сурамжылап, текшертип да көрөт. Алар Шакиевдин инисинин жетекчилик кызматка даяр эместигин, кемчиликтерин айтышат. Ошентип Нурланбек Шакиевдин иниси райондун акими болбой калат. Жолун таап президент Жээнбековго кирген сайын бир эле маселени, иниси боюнча сурана берген соң, кабыл албай коёт. Кийин, “Мени президент С. Жээнбеков кабыл албай жатат, мен ага ким экенимди бир көрсөтөм! Шашпасын…” деп наалып, кекенип, көрүнгөн жерде жамандай баштаган адаты да белгилүү. Ал тургай, ачууга алдырып, “… ушул Сооронбай Жээнбековдун кызматтан эл кубалап айдаганын, Кыргызстандан качканын көрсөм болот эле!” деген кара ниетин, ыплас тилегин билдиргенге чейин барат. Сооронбай Жээнбеков өлкө башчылык кызматтан кетсе да, аны трагедияга айландырбай, президенттик кызматын кийинки бийликке келгендерге жигитче өткөрүп берип, өзү да тез эле элге аралашып кеткени элибизге белгилүү. С. Жээнбеков мечитке бара баштаган кезде табасы канган Шакиев ТВдагы өзүнүн кызматкери Алтынбек Деркембаев деген операторун мечитке атайын тапшырма берип, суроолорун өзү даярдап берип жөнөтүп, экс-президентке кадырын түшүргөн, ыңгайсыз суроолорду бердирткенге аракет кылышканы элдин эсинде. Эми, беш маал намаз окуган Нурлан Шакиевдин кара ниеттик куйтулугун карасаң. Шакиевдин инисин акимдикке койбой койгондугу үчүн, экс-президент Жээнбековдон өч алуу максаты болчу. Беш маал намаз окуган Нурланбек Шакиевдин улуу Жума намазда кылганы Кудайга жагабы? Албетте жок! Кудайдын улуу күнү каапырлар да мындай ыплас ишке барбаса керек! Ошондо карапайым адамдар “New ТVнин” башчысы катары Шакиевге наалат айтышкан жайы бар эле. “Мен жокто туура эмес кылыптыр” деп актанымыш болуп, Алтынбек Деркембаевди көздөн далдоо кармап, кызматтан кетиримиш болгон жайы бар. Ошол эле учурда С. Жээнбеков менен “Ихлас” курулуш компаниясын негиздеген Осмонов Нурбек менен Айбек мырзаларды ыңгайсыз абалда калтырды. Шакиев бул ТВны жеке кызыкчылыгы үчүн кара ниеттик менен колдонду. Азыркы күндө, ошол эле Алтынбек Деркембаев Жогорку Кеңеште Шакиевдин колунда жумушка орношуп, кайрадан эле тапшырмасын аткарып, маалымат бөлүмүн жетектеп иштеп жатат. Азыр да төрага тынчыбай кээ бир өзүнө караштуу депуттардын оозу аркылуу, С. Жээнбековдун “экс-президенттигин” алуу маселесин парламентте көтөртө калып жүрөт. Мына анын, дагы бир жүзү… И, баса, бүгүнкү күндө Нурланбек Шакиев Жогорку Кеңештин төрагасы катары өлкөдөгү эң жогорку эки кызматтын бирин ээлеп турат. Ошол эле учурда, төраганын карачечекей иниси, Чүй областында райадминистрациянын башчысы, акими болуп тымпыйып, кызматта отурганы да чындык. Президент мырза мыйзамдуу жагын карап көрөр. Бул нерсе чындыгында мыйзамдуубу?
Анда:
“Ыймандуу бийде, тууган жок.
Туугандуу бийде, ыйман жок” деген макал туура келип калат экен.
Ушул жерде бир нерсе эсиме түштү. Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн президенти болгондо, бир тууган иниси Асилбек Жээнбеков Жогорку Кеңештин төрагалык кызматынан өз каалоосу менен баш тартып, кызматынан кеткен эле.
ШАКИЕВ, МЕЛИС ЭШИМКАНОВДУ КАНТИП “АЛКАШ” КЫЛГАН?
Ал кезде Мелис Эшимканов экөөбүз элди зээриктирбей, кээде гезит бетинен “согушуп” калчубуз. Ошол жылдары, Эшимканов мени өзүнүн гезитинин биринчи бетине сындап, жылаңач кылып коллаж жасап чыгарган учур болчу. Бир күнү, Нурлан Шакиев чакырганынан Ак үйгө кабинетине барып калдым. Ал мага карап, “Бекен аке, бүгүн Мелис Эшимканов менин кабинетиме мас болуп келип, креслодо отуруп уктап калды. Мен анын алдына арактын бөтөлкөсүн коюп туруп, соткама тартып алдым. Мына бул сүрөттү карасаңыз, ушуну гезитиңизге чыгарып берсеңиз, сизден өтүнөм, гезитке чыкканда мен президент Бакиевге көрсөтөм! Антпесем Меке (Мелис Эшимкановду айтып жатканы) акыркы учурда Медет Чоканович Садыркулов менен Малеваннаяга көп кире баштады. Менимче, Мелис Эшимканов мага каршы иштеп жатат. Бул “тройка” Малеванная, Садыркулов, Эшимканов үчөө мени ак үйдөн, пресс-катчылык кызматтан кетирип тынат окшойт!” деп тынчсызданганын айтты. Ошол сүрөт Шакиевдин өтүнүчү менен гезитке чыгып кетип, Меке “ичкич” аталып кетти. Көрсө, Нурлан Шакиев жаш болгону менен өзү Ак үйдөгү жумушунан кетпеши үчүн мени да чоң интригага аралаштырганын кийин билдим. Көрсө, өз атаандаштарын ар кандай жолдор менен каралап, жамандап алдын ала өзүнүн жолун тазалап, ал менин колум менен чок кармап жүргөнү кеч болсо да дайын болду. “О, назари пас Абил бий!” деп кала бердим…
“ТОКОЛУНАН” ТӨРӨЛГӨН БАЛАСЫНЫН МЕТИРИКЕСИНЕ ӨЗҮНҮН ФАМИЛИЯСЫН БЕРЕ АЛБАГАН ТӨРАГА
“Адалсынган молдонун үйүнөн алты камандын башы чыгыптыр!” деген жакшы макал бар. Нурлан Шакиев беш маал намаз окуган “чала молдолордун” бири. Окуган намазы менен кылган иши бири-бирине коошпогон жайы бар. Өзүн динге берилген, өмүрү ичимдикти оозуна албаган, табиятынан таза сыпайы, ыймандуу адам кылып эл арасында реклама кылып көрсөтүүгө аракет кылып келет. Мактанганы курусун, бай көпөстөрдү туурап, “кыргыз байыса катын алат” дегендей, чөнтөгүндө кичине тыйындуу боло калып,”бай-манаптык” мүнөз күтүп, көпкөн Нурлан мырза да “New TV”де директор болуп турганда сулуу кыздарга көзү түшүп, төшөк кумарына батып, токол алып төшөк жаңырткысы келди окшойт. Жетекчи болуп иштеп жүрүп экинчи аял ала коем деп, татынакай келинчеги, жакшынакай үй-бүлөөсү туруп, ала жипти аттай коюп, татынакай беш баласын чанып, үй-бүлөөлүк салтын бузуп, аркы жээктин астанасынан аттап өтүп, ак шейшептүү төшөктү жаңыртканга да жетишет. “Уурунун көчүгү кууш“ дегендей эле болду. Бүгүнкү күндүн капчыктуу май көтөн, бок курсактуу “көпөстөрүн” туурап, ойнош ысык болот дегендей “жаш токолуна” “Ихластан” үй алып берди деп уктук. Никелүү аялынан “уурданып” жашоонун жаңы барактарын ачып, кудум жомоктогудай жашоо күтүп “Миң бир түндөгү” төшөк маданиятынын кумарына баткан бактылуу ысык күндөрдү башынан өткөрүп, уурдана шапар тээп, эки үйдүн ортосунда атактуу чалгынчы “Штирлецтей” эки фронтто сыр алдырбай ойноп жүрө берди. Убакыт учкан куштай зымырап, көз ачып жумганча тогуз ай убакыт тез эле өтүп кетет. “Жаш токолу” аман-эсен көз жарып, бакандай болгон эркек баланы төрөп берет. “Кыянат кылганың кырк күндө билинет” дечү беле. Ошентип жүрүп, Нурланбек мырза жаш токолунан бир уулдуу болгондо анысы билинип, “байбичеси” менен жаш токолунун ортосунда чоң жаңжал чыгып, ортодо бекер “концерт” болот. Жыргаган күнү курусун, мурдунан маңкасы чыгып, шалдырап эки колу тизесине түшүп, никелүү аялы менен “токолунун” үйүнүн ортосунда кыйналып не кыларын билбей, башын мыкчып отуруп калат. Жаңыдан көз жарып жарык дүйнөгө келген уулуна метрике алып бериш керек болгондо проблема жаралды. Жаңыдан төрөлгөн, өз канынан жаралган ымыркай баласына өзүнүн Шакиев деген атактуу фамилиясын бере албай, башы катып, баш бармагын кырча тиштеп башы маң болуп жүргөн чагы. Орто жолдо арасат болуп, ошол маселесин бүгүн да ачыкка чыгара албай, эки үйдүн ортосунда чие байланган түйүндү чече албай убара болуп, алсыздыгы билинип жүрөт. Жакшы дагы демократиялык эркин көз карашты тутунган мамлекетте жашап жатабыз. Компартиянын убагында болгондо барбы, анда Н. Шакиев моралдык жактан бузулду деп ЖКнын төрагасы эмес, депутат да боло алмак эмес. Райондук масштабдагы кичинекей эле “партбосстор” эле тагдырын сындырып коймок. Азыр депутаттарга, министрлерге атырылып акыл үйрөтүп, мораль окуган Шакиевдин дымагы тез эле өчөт. Беш маал намаз окуп, Кудай жолунда жүргөн, пакиза адамдай өзүн элге үлгү кылып түр көрсөткөнү менен жан дүйнөсү көңгөй жыгачтай болуп чириген бойдон калганын өз шайлоочулары, “парталаш депутаттары”, элибиз али биле элек. Мага десе беш-алты катын алсын, ал өз эрки, өз иши дечи. Өз ымыркайына өз фамилиясын бере албаган мажирөө адам, анан кантип эле мамлекеттин тагдырын, Жогорку Кеңештин таза, элге керектүү мыйзамдарын чыгара алат?! Албетте жок. Эң эле өкүнүчтүүсү, “Бул менин кийинки никемден төрөлгөн балам! Бул менин экинчи аялым болот!” деп жакын досторунун, тааныштарынын, жакындан билген адамдарынын үйүнө чогуу конокко бара албагандыгы, Шакиевдин жеке кайгысы эмеспи. Жарык дүйнөгө келген баласын туугандарына, табакташ досторуна “… менин балам болот!” деп тааныштыра албагандыгы, ал үчүн трагедия да.
Эртең эле, өмүрүн берсин ал бала да чоңоёт, “Мен ЖКнын төрагасы Нурлан Шакиевдин баласы болом!” деген сөздү айта албасы, бул дагы Шакиевдин баласы үчүн трагедия эмеспи. Эшегине жараша тушагы дегендей, төраганын бүгүнкү кеңешчиси Сакы Садыков экинчи Шакиевдин “токолунун” турмушун түптөөдө эң негизги роль аткарып, молдо алып келип, баш кошкон күнү эки жашка нике кыйдырууда өкүл катары катышып, күбө болгону бизге маалым. Өзүнүн “шепи” аны чакырып, “… нике кыйганга молдо таап кел!” деп буйрук кылып айтып жатса, ал байкуш кайда бармак эле. Нике кыйганга молдоке таппай койгонго айласы жок эле да. Ошол бир кездеги калемдеш иним Сакы Садыков, бүгүн төрага Нурлан Шакиевдин кол алдында иштейт. Кудум Кокон ханы Кудаяр-хандын диванканасынын эшигин кайтарган эшик агасы, кеңешчиси болуп иштеп келет. Эмне дейбиз… Ушул адамдар беш маал намаз окушуп, эч нерсе билбеген, көрбөгөн түр көрсөтүү менен кээде кызмат боюнча Нурланбек Шакиевдин “байбичесинин” үйүндө болуп, анын колунан ысык чай ичип, даамдуу тамагын жеп, сыйын көрүшүп, кайсы беттери менен катташып, эки жүздүүлүктүн түрүн көрсөтүп жүргөндөрүнө таң каласың. Жүзүң менен куруп калгырлар десе… Бул “молдокелерде” намыс да, бет деген да жок тура… Окуган намазын пеш кылып, кылган иштери арамдык. Бир жерде күлү додо болбогон Нурлан Шакиев КР Жогорку Кеңешине Төрага болуп келип, Жогорку Кеңешти “реформалап” жиберет дегенге ишенүү абдан эле кыйын болуп турат. Ушул жерден ыраматылык Чубак ажынын теледен айткан таамай сөзү эсиме түшөт. Бирөө сурап калды:
— Экинчи аял алыш үчүн биринчи аялыман макулдук алып, айтып алышым керекпи? – деп суроо салат.
Анда Чубак ажы:
— Ооба, токол алганга духуң жетсе өз аялыңа айтып анан ал. Болбосо алба, айтпай алып алсаң, биринчи аялың билип калса, экинчи аялыңа талак берип биринчи аялыңын юбкасынын алдына кирип кетесиң, же экинчисинин юбкасынын алдына кирип талак берип коесун. Ошондуктан духуң жетсе гана токол ал – деген эле. Бүгүн Нурлан баатыр мына ошондой абалда жашап жүргөнүн жалпы коом жакшы биле бербейт. Эки аялынын ортосундагы үй-бүлө маселесин чече албаган адамга Жогорку Кеңештин, керек болсо өлкөнүн тагдырын чечүүнү берип койгон парламенттеги депутаттарга «ырахмат» дейсиң. Кудай сактасын, “… бир күнү төңкөрүш болуп кетсе, өлкөнүн тагдыры менин колума тиет!” деген кыял менен Шакиев кымыңдап, өз саатын күтүп жашап жүргөн кезин, азыркы ажобуз билет болду бекен…
КЕЧИРИП КОЙ НУКЕ, ЖАНТАЙ ХАНДАЙ “САТКЫН” КАТАРЫ ТАРЫХТА КАЛДЫҢ!
Жантай хандын өлгөнүнө, анын сөөгү сөпөт болгонунан бери жүздөгөн жылдар өтсө да, “… кырк байталга кыргыздын жерин, казак баурдастарга сатып жиберген!” деп элибиздин эсинде дагы деле унутулбай, аңыз кеп болуп ушул күндө да айтылып келет. Хан Жантай ошентип карт тарыхтын бүктөмүндө жер саткан “чыккынчы” катарында айтылып калды. Жерге келгенде оңбогур кыргызың эч нерсени унутпаган калк болот эмеспи. Андан бери, “Үзөңгү-Кууш” маселеси парламентте каралып, Кытайга өтүп кетүү коркунучу жаралып, Жогорку Кеңеште каралган кезде Өмүрбек Текебаевдин “кворум” түзүп берүү менен жасаган “чыккынчылыгын” кыргыз эли бүгүн да эсинен чыгара албай, мисал кылып зар какшап айтып келгени ачуу чындык.
Ал эми сен, Нуке, өзүңдүн керт башыңдын, саясый, жеке карьераңдын кызыкчылыгын гана ойлоп, аны баарынан жогору коюу менен, кийин эл эмне десе ошого даяр болуп, эптеп Жогорку Кеңештин төрагасы болууга өз каалооң менен макулдугуңду берип ушул кадамга бардың. Менимче, Жогорку Кеңештин депутаты катары, ыйык болгон трибунадан Конституцияга колуңду коюп,: “…Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын сактоого, өз милдеттеримди бүткүл элдин кызыкчылыгында аткарууга, Кыргыз Республикасынын мамлекетинин эгемендигин, көз карандысыздыгын жана аймактык бүтүндүгүн коргоого ант беремин!” деп жалпы кыргыз элинин алдында ант бергенсиң. Сен Жогорку Кеңештин төрагалык кызматына, көрүнүктүү саясый ишмер, эл тагдырына жүз жылда бир жаралган улуу инсан болгонуңдан, бул ыйык креслого отуруп калган жоксуң. Жогорку Кеңештин төрагасы болуш үчүн, кыргыз эли үчүн стратегиялык маанидеги Кемпир-Абад суу дамбасын өзбек туугандарга өткөрүп берүүдө жандалбастап “саткынчылык” кадамга барууга өз ыктыярың менен башыңды баталгага коюп, тарыхтын “айбалтасы” башыңды үзө чапса да, ошого макул болуп, тобокелчилик менен төрагалык кызмат ордуна жанталашып бардың. Мындай эмес деп айта да албайсың! Төрагалык кызмат үчүн, аягы эмне менен бүтөрүн билип туруп, Жантай хандай болуп, кыргыз жерин коңшуларга өткөрүп берүү менен “…бүгүнкү күндүн Жантайы” сен болдуң, үкам. Көчүгүңө саналуу айларга гана керектүү, жумшак отурчу “кайыш креслодогу” амал үчүн кулдук сезим менен, кылымдарга жетчү каргашага атың калчу “журт безерликке” өз каалооң менен макул болуп барганыңды элибиз деле жакшы билет. Азыр го, кызматка мас болуп билбей көөп турган учуруң, бирок жүздөгөн жылдар бою эл арасында дастан болуп айтылчу, өчпөгөн от менен ойноп алдың. Өз бетиңе сүйкөп алган кара көөңдү, эми эч нерсе менен да жууп кетире албайсың. Нечен кылымдар бою аккан суунун, бабаларыбыздан калган киндик каны тамган алтын топурактуу жерибиздин кусуру сени бир күнү уруп кетпесе эле болду. Кандай актанганың менен кеч болуп калды. Мезгилдин соту, баары бир өз өкүмүн сааты келгенде чыгарат. Аны да эч качан унутпа! Ошого даяр бол, кыргыз эли мындай ишти эч качан кечирбейт эмеспи. Байыртадан кыргыздардын:
“Суу сыйлаган зор болот,
Суу кордогон кор болот” деген ата-бабадан калган сөзү бар. Биздин улуу кыргыз элибиз, чыккынчылыкка келгенде, бул күндөрдү, эч качан жердин кунун кечирбейт, унутпайт да эмеспи. Ушинтип, «эл безер» аталып элдин каргышына калып төрага болбой эле койсоң болмок. Эл көргөн турмушту көрүп жашамаксың. Ашып кетсе, алты-жети айлык төрагалык жыргалыңдын азабын эми өмүр бою тартасың, балакай… Ал тургай элдин чыгарчу “өкүмү” сенден кийинки урпактарыңа да жетет. Эч кимге деле жашыруун сыр эмес, “… кандай жол менен болсо да Кемпир-Абадды өткөрүп берем!” деп касам ичип ЖКнын төрага кызматына макул болуп барганыңды, кыргыз эли билбейт дейсиңби? Бүгүн ал жашыруун сыр деле эмес. Мезгил өтөт, сен да карыйсың, шалдыраган чал болуп, Эркиндик гүлбагында таягыңды сүйрөп, тизең калчылдап кышылдай дем ала басып жүргөнүңдө ушул ишиңди билген, балким жердешиң Азимбек Бекназаровдун баласыбы, небересиби же башка бирөөбү, айтор алдыңдан чыгып, бетиңе түз карап, кыргыз элине гана таандык, эң ыйык кыргыз жери Кемпир-Абадды сенин жетекчилигиң менен Өзбекстанга өткөрүп берген “… журт безер төрага!” деп айтары да бышык. Сен кааласаң-каалабасаң да жаңы тарыхыбыздын барактарында атың ушундай тамгалар менен кылымдарга жазылып калганыңды эстеткен бирөө чыгарына мен ишенем! Азыр го бийлик, кызмат, кресло кумарына мас болуп, бир кездеги “шефиң” Бакиевдин кабинетинде чалкалап кыялданып ажо болуп калсам деп отурасың. Нуке, мезгилдин соту жаман болот, андан эч качан качып кутула албайсың! Өзүң деле бала кезиңден бери, патриот жердештериңдин зар какшап келген чек ара чыры, коңшуларга өтүп кеткен Аксынын эл баккан касиеттүү жерлеринин азап-тозогун жакшы билесиң. Аксынын ыйык топурактуу жерлерин совет доорунда өзбек улутундагы башкармаларга бир табак аш менен бир “калем каш” сулуу келиндер менен болгон кумарлуу бир түн үчүн бере салган “акелериңдин” тагдырын унута элек болсоң керек! Бир чети жердешиң, экинчиден башкарма акаң Суванкул Мавляновдон айырмаң жок болуп, этегиң жаман жеринен жыртылып” тарыхта калдың, үка. Өзүңдүн жеке башыңдын кызыкчылыгы, жыргалы үчүн ушул кадамга барууга өз каалооң менен бардың. Бул жерде башка эч кимди күнөөлөй да албайсың. Сен өзүң да башкалар суктана тургандай, үлгү болчудай идеалдуу адам эмес экениңди жакшы билебиз. Бүгүнкү күндө, сен деле бир кездеги жер чырына байланышкан башкарма акең Суванкул Мавляновдон айырмаң кайсы? Азыркы күндө экөөңдүн даражаң бирдей эле. Эми, бул жан үрөп “саткынчылык” кылган кадамдарыңды тирүү кезиңде, сен өчүрө албай калдың көрүнөт. Бул кара так, мектеп доскасына бор менен жазылган жазуу эмес экенин билип ал. Жер бетинде кыргыз деген нечен кылымдарды карыткан калк жашап турганда, сенин укум-тукумуңа, небере-чеберелериңе чейин эски дастандай аңыз кеп болуп кайра-кайра кулак жаңырткан коңгуроодой айтылып кала берет. Ал кара такты, сен эч качан, эч нерсе менен да жууп кетире албайсың! Сен үчүн бул карт тарыхтын барактарындагы жазылган элдин өкүмү али алдыда турат. Эми, кантип актанасың, үкам! Бүттү, мезгилдин каргыш кагазы, өкүмү колуңа кишен болуп салынды деп эле ачык айтып койгонум оң го…
ЖЕРДЕШТЕРИНИН КАРГЫШЫНА КАЛГАН ТӨРАГА НУРЛАН ШАКИЕВ
Артка кылчая карасаң, Жогорку Кеңештин Төрагаларынын төрагалык кызматка кандай келип-кеткенин кыргыз эли жакшы билет. А. Масалиев, М. Шеримкулов, А. Матубраимов, У. Мукамбаев, А. Эркебаев, А. Бөрүбаев, А. Мадумаровдор өз кадыр-баркы менен төрагалык кызматка келип, эл арасында абройун жоготпой элге ак кызмат өтөшүп, төрагалык кызматтан баркы менен кетишкенине күбөбүз. Ошон үчүн, Эркебаевдей көрүнүктүү инсан болсун деген жакшы ниет менен тун уулуңдун атын да Абдыганы койсоң керек эле. Эгер жаңылышпасам… Менин сөзүм менен эмес, электрондук сайттардын булактарындагы интернет желесинен бир кайрылууну капысынан көрүп калдым. ЖКнын төрагасы Нурлан Шакиевге өз жердештеринин “… Нурлан, сен акмак экенсиң!” деп айткан сөзү менен бул макаламды аяктагым келип турат. Интернет булактарында тарап кеткен Нурлан Шакиевдин шайлоочуларынын биринин кайрылуусу жүрөт. Ал жерде, Аксылык бир кадырлуу аксакал ачуу чындыкты айтканына окурман журту да күбө. Ал аксакал өз сөзүндө “Нурлан Шакиевге кайрылуу жасап коёюнчу. Нурлан иним, мен Аксы районунан болом. Сен бир мандаттуу округдан шайлангансың. Ошондо мен сени шайлап, ушу бала билимдүү. Көп жерлерде иштеген, билими, илими бар, элдин үнүн жеткирет деп шайлаган элек. Алтоонун ичинен тандап, Нурланды шайладым эле. Ошол берген дообушума азыр нааразы болуп турам. Нурлан үкам, ачыгын айтып коёюн, сен айылга барасың. Жолугушууга. Сени Кудай уруп кетсин! Сен ушунча элдин дообушун актаган жоксуң! Сен акмак жигит экенсиң! Акмак экенсиң. Сага жакшы сөз, сага болбойт!” деп Нурланбек Шакиевдин шайлоочусу катуу айтып, кылыч менен шылып салгандай эле болуптур. Мына сага… Кантсе да эл тараза эмеспи… Мен айтаар сөзүмдү ушул жерден бүтүрөйүн, калганын айтам деп бузуп албайын!
Бир кезде, байкабай жаза баскан болсом, эми бетме-бет чыгып мени менен кармаш. Сен эмес, канча президенттердин “башын жеген” Өмүрбек Текебаев менен да ММК беттеринде эркекче кармашып, анын кызматтан кетишине жетишкенмин. Керек болсо, ЖКнын бир кездеги төрагасы Айтибай Тагаевчелик да кадыр күтө албадың. Сен өтө күчтүү лидер болуп, көрүнүктүү саясый ишмер болуп кеткениңден эмес, Кемпир-Абадды өзбек туугандарга өткөрүп берүү үчүн гана төрага болуп келүү миссиясы менен “капысынан”, “… ушул гана саткынчылыкка жарайт!” деген максат менен ЖКнын төрагасы болуп келгениңди унутпа! Нурлан иним, менин макаламдан кийин Сакы инимди кыйнап, макала жаздырам деп убара болбой эле кой. Андан көрө, мээнет кылып өзүң да өмүрүңдө бир жолу макала жазып көрчү. Анткени, өзүң макала деле жаза албашыңды билсем да, алдын ала ачык айтып койгонум оң го… Кыздын сыры төркүнүнө маалым дегендей, журналисттер чөйрөсү сенин ким экендигиңди, журналисттик дареметиңди жакшы билет эмеспи. Бөрү карыса да, бир койлук алы бар дейт беле…
Саламым менен Кыргыз эл жазуучусу Бекен Назаралиев.
Булак: «Жаңы ордо» гезити.