БИШКЕК, Президент Садыр Жапаровдун жеке демилгесине ылайык жакын арада Ош облусунун Чоң-Алай районунда убактылуу жашап жатышкан памирлик кыргыздар үчүн 400 үйдүн курулушу башталмакчы.
Президенттин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, курулуш иштерин быйыл май айында баштоо пландаштырылууда. Эң башкысы: заманбап курулган бардык үйлөр жылуулук, электр энергиясы жана ыңгайлуу жашоо үчүн зарыл болгон бардык каражаттар менен толук кандуу камсыз этилмекчи.
Баса, Кыргызстандын жетекчилиги Ооганстан Ислам Республикасынын шарты катаал Кичи жана Улуу Памиринин аймактарынан бардык этникалык кыргыздарды толук бойдон түпкү Ата Журтуна көчүрүү максатында эң зарыл чараларды көрүп жатат. Айтмакчы, бул асыл максаттарды жүзөгө ашырууга мамлекетте күч жана каражаттар дагы толук жетиштүү.
Белгилей кетчү жагдай: 2017-жылдын октябрь айында Ооганстандан этникалык 33 кыргыз Нарын жергесине балдарына билим берүү максатында көчүп келишкен. 2020-жылга чейин келип кошулгандарды жана кеткендерди эсептегенде алардын жалпы саны ушул тапта 50гө жетти. Ошол эле жылдын август айында Алай районунун Талды-Суу айылына салынган үйлөргө дагы Ооган кыргыздарынын 10 үй-бүлөсү көчүрүлгөн. Президент Садыр Жапаровдун 2021-жылдын 16-апрелиндеги жарлыгына ылайык, Кытай менен Оооганстандан көчүрүлгөн 111 этникалык кыргызга кыргыз жарандыгы ыйгарылган.
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз.
Сүрөттөр автордуку.