• Чт. Мар 30th, 2023

Популярные метки

БАТКЕН ШААРЫНДА МИГРАНТТАРДЫН БАЛДАРЫН ТАКТОО ЖАРАЯНЫ КЫЗЫДЫ

Автор:ruh_admin

Янв 26, 2023

БАТКЕН. Баткен облусунун борбору Баткен шаарында атайын түзүлгөн комиссия мигранттардын балдарынын жалпы санын тактоо жараянын катуу баштады. Бул туурасында Баткен райондор аралык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын алдындагы үй-бүлө жана балдарды коргоо бөлүмүнүн башчысы Гүлмира Омошева билдирди.

         Гүлмира Омошеванын маалыматына караганда,  өткөн жылда Баткен районунун аймагында 22 миң 151 мигранттардын баласы аныкталса, Баткен шаары боюнча 3447 бала такталган.

Белгилей кетчү жагдай: Баткен облустук бийлигинин маалыматына караганда, Баткен облусунда 29 миң 141 жаран тышкы миграцияда, 18 миң 316 адам ички миграцияда оокат кылып жүрүшөт.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз.
Сүрөттөр автордуку.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс