БАТКЕН. Кыргыз-Тажик чек арасындагы кагылышуу – кандуу окуя боюнча кылмыш иши козголуп, ушул тапта тергөө топтору тергөө иштерин кызуу жүргүзүп жатышат. Бул туурасында Жогорку Кеңештин атайын жыйынында Аскер прокуратурасынын Тергөө кызматынан башчысы Акылбек Абдыраев шардана кылды.
- Кылмыш ишинен бөлүнүп, сотко жиберилген адамдар дагы бар.
Ушул тапта Аскердик прокуратуранын Баткен гарнизону тарабынан тергөө иштери жүрүп жатат, — деп кошумчалады Аскер прокуратурасынын Тергөө кызматынан башчысы Акылбек Абдыраев.
Эскерте кетээрибиз: 2022-жылдын 14-17-сентябрында Тажикстан тарап Кыргызстандын аймагын басып алууну көздөп Баткен жана Ош облустарындагы чек ара заставаларын жана калкттуу конуштарына катарынан жана байкатпастан кол салган.
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз.
Сүрөттөр автордуку.