• Чт. Мар 30th, 2023

Популярные метки

АРАЛЫКТАН ИШТӨӨ – ЭФФЕКТИВДҮҮ КИРЕШЕ БУЛАГЫ

Автор:ruh_admin

Янв 26, 2023

ОШ. Ушул тапта дүйнөдө эң ыкчам жана ургаалдуу өнүгүп келе жаткан IT тармагында аралыктан иштөө менен мунун аркасында натыйжалуу киреше булагына ээ болууга толук мүмкүнчүлүк бар. Мындай маалымат ОшМУнун математика жана информациялык технологиялар факультетинде өткөн  IT адистер менен болгон жолугушууда ачык айтылды. 

         Аталган жолугушууга ОшМУнун математика жана информациялык технологиялар факультетинин бир катар сыймыктуу бүтүрүүчүлөрү — бүгүнкү күндө аралыктан Чехиянын  Прага шаарында Slotegrator компаниясында  ийгиликтүү эмгектенип жтакан  Мелис Жолдошев,  Россиянын Москва шаарында беделдүү IT компанияларда мыкты иштеген Шайырбек Бактыбек уулу, Дониербек Валижанов, Бектурсун Кадыркулов жана Ош шаарындагы Biruni IT академиясынын жетекчиси, Google компаниясынын  Кыргызстандын Түштүгүндөгү өкүлү Санжарбек Аданов, аталган жогорку окуу жайда IT багыты боюнча билим алып жатышкан студенттер, анан дагы окутуучулар  катышышты.

         Ошентип, атталган иш-чарада коноктор  студенттерге IT тармагынын артыкчылыктары, аралыктан иштөө аркылуу каражат табуу жолдору, программалоо тилдери, дизайн жана сайттарды түзүү боюнча кеңири маалыматтарды кошо беришти. Ошондой эле өздөрүнүн тажрыйбалары менен дагы өз ара бөлүшүп, кеп-кеңештерин айтышты. Бул жолугушуу аралаш форматта уюштурулуп, кесипкөй адистерди даярдоону, анан дагы студенттердин тажрыйбасын арттырууну  көздөдү.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз.
Сүрөттөр автордуку.

 

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс