• Сб. Янв 28th, 2023

Популярные метки

ОШТО УКТУ МҮЧӨСҮ ДОСТОРУНА КОШУЛУП ЖАРАНДЫН 16 МИҢ СОМУН ТАРТЫП АЛЫШКАН

Автор:ruh_admin

Янв 24, 2023

ОШ. Ош облусунда бирөөлөрдү карактап жүргөн УКТнын (уюшкан кылмыштуу топтун) мүчөсү кармалды. Бул туурасында Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан кабарлашты.  

Маалыматка караганда, Ош облустук ички иштер башкармалыгына М. Т. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анын айтымында, анча жакшы эмес Аман аттуу таанышы өзүнүн досторуна кошулуп, аны коркутуп-үркүтүү жолу менен 16 миң сомун тартып алышкан. Ошол себептүү Кыргыз Республикасынын Кылмыш Кодексинин 208-беренесинин негизинде («Талап-тоноо») кылмыш иши козголуп, атайын иликтөөнүн негизинде Ош облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан Өзгөн районунун 26 жаштагы тургуну А. А. кармалды. Ош облустук соту аны эки айга камоого өкүм чыгарды.

Айтмакчы, Өзгөн районунун 26 жаштагы тургуну А. А. Ички иштер министрлигинин ыкчам эсебинде УКТнын (уюшкан кылмыштуу топтун) мүчөсү катары турат экен. Мурун дагы бир нече ирет соттолуптур. Анын үйүн тинтишкенде, үч огу менен «Наган» тапанчасы дагы табылды. Ушул тапта тиешелүү экспертизалар дайындалып, бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды дагы издөө мерчемделди.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз.
Сүрөттөр автордуку.

 

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс