• Сб. Янв 28th, 2023

Популярные метки

ОШ ШААРЫНДА ДА ЭЛЕКТР ЭНЕРГИЯСЫ КАЙРА ӨЧҮРҮЛӨ БАШТАЙТ

Автор:ruh_admin

Янв 24, 2023

ОШ. Кыргызстандын Түштүк башкалаасындагы билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармагындагы мекемелерди жылуулук менен жетиштүү камсыздоо жана электр энергиясын белгиленген лимиттен ашыкча керектөөгө байланыштуу электр кубаты кыска мөөнөткө өчүрүлөт. Электр кубатын убактылуу өчүрүү ооруканалар менен бейтапканаларга, анан дагы отканаларга таптакыр тиешеси жок! Бул туурасында Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов кабарлады.

         Ал эми Ош шаардык РЭТтин маалыматына ылайык, график боюнча эртең менен жана кечинде 1,5 сааттан кыска мөөнөттүү өчүрүүлөр киргизилди. Буга байланыштуу тиешелүү кызматтарга өчүрүүлөрдүн бекитилген графиктерин элге жеткирүү тапшырмасы берилди. Бардык мамлекеттик жана муниципалдык мекеме-уюмдарга электр энергиясын үнөмдөөчү жарык берүүчү лампаларга өтүү сунушталды. Электр кубатынын убактылуу өчүрүлүшү ооруканалар менен бейтапканаларга, отканаларга тиешеси жоктугу айтылды. Ал эми Ош шаардык билим берүү башкармалыгына МАБ өкүлдөрү менен биргеликте билим берүү жана саламаттыкты сактоо мекемелериндеги бардык жылуулук системаларынын ишин текшерүү тапшырылды.

         Соңку сааттарда МАБдарга (муниципалдык аймактар башкармалыгына) жеке сектордо сууну максатсыз пайдаланууну болтурбоо максатында суу түтүктөрүнүн жана суу менен камсыздоо тутумдарынын абалын текшерүү тапшырылды. МАБдарга, Ош шаардык казыятына жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаары боюнча башкармалыгына жеке сектордо мештерди колдонууда зарыл болгон коопсуздук нормаларын так сактоо боюнча калкка түшүндүрүү, маалыматтык жана алдын алуу иштерди күчөтүү табышталды. Ошондой эле көмүрдүн баасын негизсиз жогорулатуу маселелери дагы каралып, анда Монополияга каршы кызматына көмүрдүн баасын атайылап көтөргөн соодагерлерди аныктоо боюнча рейд жүргүзүү тапшырылды.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз.
Сүрөттөр автордуку.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс