ОШ. Ички иштер министрлигинин атайын тобу Ошто УКМКнын кызматкерин пара менен кармады. Бул туурасында редакциябызга өздүк булактарыбыз билдиришти.
Маалыматка караганда, УКМКнын Ош шаардык жана Ош облустук башкармалыгынын имаратына Ички иштер министрлигинин атайын тобу кирип, а түгүл тинтүү дагы жүргүзгөн. Айрым билдирүүлөргө караганда, УКМК менен ИИМ кызматкерлери ортосунда келишпестиктер – өз ара тирешүү жүз берген.
Ошентип, УКМКнын кызматкери кардардан 15 миң доллар пара алуу айыбы менен кармалып олтурат. А түгүл анын үстүнөн соңку сааттарда Башкы прокуратура тарабынан кылмыш иши козголгондугу дагы айтылууда.
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз.
Сүрөттөр автордуку.