• Сб. Янв 28th, 2023

Популярные метки

ЕРӨБ ОШТОГУ АРАВАН-АК-БУУРА КАНАЛЫН РЕКОНСТРУКЦИЯЛООГО 17 МИЛЛИОН ЕВРО АЖЫРАТМАКЧЫ

Автор:ruh_admin

Янв 24, 2023

 БИШКЕК. Жогорку Кеңештин  Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында “2022-жылдын 8-июлунда Лондон шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү Банкынын (ЕРӨБдүн) ортосундагы «Кыргыз Республикасында климатка туруктуу суу менен камсыздоо» долбоору боюнча кредиттик макулдашууну жана Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү Банкынын ортосундагы «Кыргыз Республикасында климатка туруктуу суу менен камсыздоо» долбоору боюнча гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» мыйзам долбоору тыкыр каралды.

Кыргыз Республикасынын айыл чарба министринин орун басары Мурат Раматов баса белгилегендей, аталган долбоордун эң башкы максаты — Ош облусунун Кара-Суу жана Араван райондорундагы Араван- Ак-Буура каналын модернизациялоо жана реконструкциялоо боюнча курулуш иштерин ургалдуу аткаруу.

— Долбоорду жүзөгө ашыруунун натыйжасында 21 миң гектарга жакын аянттын суу менен камсыздалышы ого бетер жакшырат. Мерчемделген иштерди жүзөгө ашыруу максатында Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү Банкы (ЕРӨБ) тарабынан жалпы суммасы 17 870 000 евро болгон каражат бөлүнүп берилет. Булардын арасында кредиттик келишимге ылайык – 14 130 000 евро, ал эми гранттык макулдашууга ылайык – 3 740 000 евро, — деп кошумчалады Кыргыз Республикасынын айыл чарба министринин орун басары Мурат Раматов.

         Баяндамачы — Кыргыз Республикасынын айыл чарба министринин орун басары Мурат Раматов Жогорку Кеңеш депутаттарынын суроолоруна жооп кайтарып жатып, кредиттик каражаттар 15 жылга, төрт жылдык жеңилдетилген мөөнөткө жана өзгөрүлмө пайыздык чен менен берилээрин дагы кошумчалады. Талкуу маалында Жогорку Кеңештин  Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин мүчөлөрү Кыргызстандагы ирригациялык тармакты өнүктүрүүнүн жана суу менен камсыздоо маселелердин маанилүүлүгүнө көңүл буруп, бөлүнгөн каражатты максаттуу пайдалануу зарылдыгын дагы баса белгилешти. Жыйынтыгында аталган мыйзам долбоору толук бойдон жактырылды.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз.
Сүрөттөр автордуку.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс