• Сб. Янв 28th, 2023

Популярные метки

ЧОҢ-АЛАЙГА КӨЧҮРҮЛГӨН ПАМИРЛИК КЫРГЫЗДАРГА ГУМАНИТАРДЫК ЖАРДАМДАР ЖЕТКИРИЛДИ

Автор:ruh_admin

Янв 24, 2023

ОШ. Ош облусуна караштуу Чоң-Алай районундагы Дароот-Коргон айылына Оооганстандын Памир өрөөнүнөн көчүрүлгөн жети памирлик үй-бүлөгө гуманитардык жардам жеткирилди.

Бул гуманитардык жардамды Ооганстандан көчүрүлгөн мекендештерибизге Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин эксперти Салтанат Бараканова тапшырды. Жалпы жонунан 21 кишиден турган жети түтүнгө эмеректер жана дагы күнүмдүк керектелүүчү буюм-тейимдер ыроолонду.

         Айтмакчы, Памирлик кыргыздарга Ош шаарындагы «Элим» клиникасынан дагы эки тиш дарыгери келишип, жарандарды тыкыр медициналык кароодон өткөрүштү. Ал эми жергиликтүү бийлик боордошторубузга жети тонна көмүр бекер таратты.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз.
Сүрөттөр автордуку.

 

 

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс