• Сб. Янв 28th, 2023

Популярные метки

МАЙЛУУ-СУУ ШААРЫ 68% ЖЫЛУУЛУК МЕНЕН КАМСЫЗ ЭТИЛДИ

Автор:ruh_admin

Янв 22, 2023

ЖАЛАЛ-АБАД. Акыркы саатка карата Жалал-Абад облусуна караштуу Майлуу-Суу шаарынын тургундарына ичүүчү таза суу жана турмуш- тиричиликке колдонуу үчүн 48 тонна суу жеткирилди. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин сууну өрт өчүрүү кызматы жана жеке менчик унаанын жардамында жеткирилген. Баса, белгиленгендей, Жалал-Абад, Кочкор-Ата жана Таш-Көмүр шаарларынын жылуулук тармагында эмгектенишкен дасыккан адистер чакыртылып, катуу сууктан авариялык абалга келген көп кабаттуу турак жайлардагы жылытуучу түтүктөрдү оңдоп-түзөө иштерин баштады. Ал эми буга чейин №-1, №4- от казандар ишке киргизилип, бүгүн №3- от казанга дагы альтернативдүү жол катары жаңы түтүктөр орнотулуп, моторлор коюлууда. Жалпы жонунан шаар тургундарынын 68 пайызы дээрлик жылуулук менен камсыз этилди.  Ошондой эле таза суу келүүчү суу түтүкчөлөрүн жылытууга мүмкүн болбогон 2 чакырым аралык жеринде жаңы суу түтүгүн орнотуу максатында 11 техника тартылып, казуу иштери дагыле кызуу жүрүүдө.

Баса, кечээ кечинде координациялык жыйын өткөрүлүп, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жарандык коргонуу кызматынын башчысынын орун басары Э. Маматаев, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын башчысы, полковник А. Закиров, Жогорку Кеңештин депутаты Т. Мамытов катышып, Майлуу-Суу шаардык жарандык коргонуу кызматтарына тиешелүү иштерди жүргүзүү тапшырмасы кабыргасынан коюлду.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз.
Сүрөттөр автордуку.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс