БАТКЕН. Тажикстандын куралдуу агрессиясынын кеспетинен үй-жайсыз калышкан 429 үй-бүлөгө акчалай жардам көрсөтүлдү. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.
Жардам Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Эл аралык уюмдар менен жүргүзгөн сүйлөшүүлөрүнүн негизинде уюштурулду. Жардам алуучу 429 үй-бүлөнүн Бишкек шаарында убактылуу баш калкалап жаткан 24 үй-бүлөгө таратылды. Таратылган жардам БУУнун Өзгөчө кырдаалдар боюнча борбордук фондунун жана Германия өкмөтүнүн каржылоосу аркасында алынды. Мындан тышкары БУУнун Качкындар жана дүйнөлүк азык -түлүк программасынын алкагында дагы жардамдар көрсөтүлүүдө.
Ошондой эле БУУнун Миграция боюнча эл аралык агенттиги тарабынан үй-жайы толугу менен өрттөлүп талкаланган баткендиктерге турмуш тиричиликке эң зарыл болгон буюмдар, кийим-кечелер берилди.
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз.
Сүрөттөр автордуку.