• Сб. Янв 28th, 2023

Популярные метки

МАЙЛУУ-СУУДАГЫ ҮЙЛӨРГӨ КЕЗЕК-КЕЗЕГИ МЕНЕН ЖЫЛУУЛУК БЕРИЛИП, ЭЛ ТАЗА СУУ МЕНЕН КАМСЫЗ ЭТИЛҮҮДӨ

Автор:ruh_admin

Янв 16, 2023

ЖАЛАЛ-АБАД. Жалал-Абад облусуна караштуу Майлуу-Суу шаарындагы үйлөргө кезек-кезеги менен жылуулук берилип, буга улай эл таза суу менен камсыздалууда. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, ушул тапта жеринде кырдаалды жөнгө салуу максатында Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басарлары Урматбек Шамырканов жана Эделбек Кулматов башында турган кызматкерлер тынымсыз иш алып барышууда.

Маалыматка караганда, ушул жылдын 14-январь саат 12:00гө карата Майлуу-Суу шаарында сайдан водозаборго суу толтурулуп, водозабордон Майлуу-Суу заводуна, андан №1-отказанга суу берилген. Натыйжада системалар жылытылып, №1-отказан ишке кирип, кезек-кезеги менен жашоочуларга жылуулук берилип баштады. Ушул тапта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 4 тонна күйүчүү май, 2 оор техника, 30 кызматкер тартылып, “КамАЗ” АЦ-6-40 “Зил” 130 өрт өчүрүүчү унаасы менен калкка таза суу ташып берилүүдө. Мындан тышкары дагы жарандарга таза суу берүү максатында шаардык суу чарба ишканасынан 1 суу ташуучу унаа, заводдон 1 суу ташуучу унаа ажыратылды. Ошондой эле Ноокен районунан 2 суу ташуучу унаа, Жалал-Абад шаарынан 1 суу ташуучу унаа тартылды.

Эске салчу жагдай: ушул жылдын 12-январындагы ашкере катуу сууктун кесепетинен Майлуу-Суу шаарынын калкын таза суу менен камсыз кылуучу сууканалынын түтүктөрү тоңуп, мындан улам элге жылуулук берүү жана таза суу үзгүлтүккө учураган. Майлуу-Суу шаарына аргасыздан өзгөчө кырдаал режими киргизилген.

Алишер Токсонбаев, өз кабарчыбыз,

Сүрөт автордуку.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс