ОШ. Кыргызстандын Түштүк башкалаасындагы криминалдык мушташ маалында Коен аттуу уюшкан кылмыштуу топтун актвидүү мүчөсү жеринде каза тапты. Окуянын дагы бир катышуучусунун башына арматура катуу тийгендиктен, ал дароо эле реанимацияга жеткирилди.
Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалыматына караганда, криминалдык чыр Ош шаарынын Фрунзе кичи районунда жүз берген. Чыр-чатактын жүрүшүндө милициянын каттоосунда турган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү сыңары каттоодо турган Коен катуу бычак жегендиктен, жеринде эле жан берди. Ал эми экинчиси Ош облустук ооруканасынын реанимация бөлүмүнө жаткырылды.
Соңку сааттарда өз ара криминалдык араздашууга катышкан башка адамдарга дагы ыкчам издөө жарыяланды.
Алишер Токсонбаев, өз кабарчыбыз,
Сүрөт автордуку.