• Сб. Янв 28th, 2023

Популярные метки

ОШТО 18 КИЛО МАҢЗАТ СООДАЛООГО ДАЛАЛАТТАНЫШКАН ЭКИ АДАМ КАРМАЛДЫ

Автор:ruh_admin

Ноя 30, 2022

ОШ. Жалпы салмагы 18 килодон ашык маңзатты соодалоого аракет кылып жаткан жеринен 63 жаштагы К.Г.Г. жана 54 жаштагы Н.Н.М. аттуу Жалал-Абад облусунун тургундары кармалышты.

         УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришкендей, УКМК Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (“Маңзат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо”) менен сотко чейинки өндүрүштүн алкагындагы комплекстүү ыкчам тергөө иш-чараларын жүргүздү. Кармалган жарандар УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

         2022-жылдын 27-ноябрында К.Г.Г. жана Н.Н.М. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-Жаза Кодексинин 282-беренесинин 3-бөлүгүндө каралган кылмышты жасагандыгы үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылган. Ошол эле күнү Ош шаардык сотунун тергөө судьясынын аныктамасынын негизинде УКМКнын тергөө камак жайынын камоо түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалды. Ушул тапта бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды дагы аныктоо боюнча ыкчам тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз,

Сүрөттөрү автордуку.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс