ОШ. Бир жыл мурда жоголгон Бишкек шаарынын жашоочусунун Lexus LS 460 унаасы акыры моминтип Түштүк башкалаасынан табылып олтурат.
Маалыматка караганда, жоголгон автоунаа “Автоураган” программалык-аппараттык комплексинин жардамы аркасында табылган. 2021-жылы сентябрда бишкектик жаран арыз менен кайрылып, ушул жылы августта белгисиз жаран анын бекем ишенимине кирип, автоунаасын алып, андан кийин из жашырып кеткендигин билдирген. Аталган фактынын негизинде “Алдамчылык” беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Ошентип, кармалган айдоочу андан ары иликтөө жүргүзүү үчүн Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматына өткөрүлүп берилди. Ал эми автоунаа Ош ШИИБсынын Жол коопсуздугу кызматынын айып короосуна токтотулду.
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз,
Сүрөттөрү автордуку.