БАТКЕН. Бул туурасында Баткен облустук СПИДге каршы күрөшүү борборунун башкы дарыгери Авазбек Балтабаев редакциябызга билдирди.
Авазбек Балтабаевдин айтымында, Баткен облусунун аймагында быйыл ВИЧ-СПИДдин 286 учуру катталган. Бул сан былтыркыга караганда 18 учурга көп.
— 286 учурдун 53 пайызын эркектер түзсө, ал эми 46 пайызын жалаң аялдар түзүп олтурат. Сакайгыс илдетти жуктургандардын 67 пайызы жыныстык жол менен бири-бирине жуктурушкан. ВИЧ-СПИД энеден балага түйүлдүк учурунда жукпайт, төрөт мезгилинде жана эненин сүтү аркылуу гана жугат, — деди Баткен облустук СПИДге каршы күрөшүү борборунун башкы дарыгери Авазбек Балтабаев.
Негизинен аталган коркунучтуу илдет үч жол менен жугат: энеден балага, кан аркылуу жана жыныстык катнаш аркылуу.
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз,
Сүрөттөрү автордуку.