• Сб. Янв 28th, 2023

Популярные метки

Б. ЖЕТИГЕНОВ ОШ ШААРЫНЫН МЭРЛИГИНЕ ДАЙЫНДАЛДЫ

Автор:ruh_admin

Ноя 30, 2022

ОШ. Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Бакытбек Жетигенов Ош шаарынын мэрлигине дайындалды. 2021-жылдын августунан тартып мэрлик кызматты аркалаган Алмаз Мамбетов жумушунан эмне себептен бошотулгандыгы азырынча айтыла элек.

         Бакытбек Жетигенов Жогорку Кеңештин мурунку депутаты. Ал 2021-жылдын 26-ноябрында «Эл Ынтымагы» кыймылынын мүчөлөрү уюштурган «Бийликти күч менен басып алуу» боюнча айыпталып кармалган. Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту аны 2022-жылдын 26-январына дейре УКМКнын убактылуу кармоочу жайында камоого өкүм кылган. Анткени, милиция кармалган тараптан курал-жарактан тышкары маңзат табылгандыгын дагы жар салган. Буга улай УКМК Жогорку Кеңештин бир катар депутаттарынын жетекчилигинде кылмышкерлер жана жогорку чиндеги аткаминерлер тобу аракеттенип, жалпы жонунан миң чакты адам массалык башаламандыкты уюштурууга аракеттенген. Бирок, президент Садыр Жапаров бийликти басып алууга куралдуу аракет жасалгандыгын, буга айрым саясатчылардын катыштыгы дагы бардыгын жар салган эле.

         Анткен менен, 2021-жылдын 22-декабрында Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Бакытбек Жетигеновго карата чечимди өзгөртүп, айыпталуучуну УКМКнын убактылуу кармоочу жайынан эрикндикке бошоткон. Буга таратылган Жогорку Кеңештин Баш прокуратурага коллегасын камоого макулдук бербегендеги себеп болгон.

         Жогорку Кеңеш түзгөн комиссия Башкы прокуратура жетишээрлик далил базасына ээ эместигин баса белгилеп, Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Бакытбек Жетигенов токтоосуз бошотулууга жатаарын жар салган.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз,

Сүрөттөрү автордуку.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс