• Сб. Янв 28th, 2023

Популярные метки

ОшМПУнун МАГИСТРАТУРА БӨЛҮМҮ АККРЕДИТАЦИЯЛАНДЫ

Автор:ruh_admin

Ноя 29, 2022

ОШ. Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин (ОшМПУнун) магистратура бөлүмү магистрдик программасынын  багыттарын  даярдоого лицензия алуу жана жалпы ишмердүлүгүнө баалоо  жүргүзүү үчүн беш багыт боюнча  акредитацияланды.

Аккредитациялоо «Билим-стандарт» көз карандысыз аккредитациялоо агенттиги тарабынан жүргүзүлүп, жети адистен турган комиссия атайын баалоонун тартибине ылайык алгач окуу жайдын материалдык-техникалык базасы, түзүлгөн шарттар, жатакана, ашкана менен жакындан таанышып чыгышты. Ошондой эле комиссия мүчөлөрү университеттин жетекчилиги, окутуучулары, магистранттар, бүтүрүүчүлөр жана иш берүүчүлүк тараптар менен дагы кенен-чонон маек курушуп, ишмердүүлүк боюнча сурамжылоо жүргүзүштү. Ушундан соң гана жалпы иш кагаздарын дыкат текшерүүдөн өткөзүшүп, жыйынтыгында комиссиянын чечимине ылайык магистрдик программанын төмөнкү беш багыты боюнча адистерди окутуп, даярдоого беш жылдык мөөнөткө уруксат берилди.

  • 550200 – Физика-математикалык билим берүү;
  • 550400 – Социалдык-экономикалык билим берүү;
  • 550700 – Педагогика;
  • 550300 – Филологиялык билим берүү;
  • 550100 – Табигый илимий билим берүү.

Белгилей кетчү жагдай: магистратура — белгилүү  кесиптик багытта адистешүүнү тереңдетүүгѳ, айрым учурларда аны өзгөртүүгө мүмкүндүк берген, бакалаврдан кийинки жогорку кесиптик билим берүүнүн баскычы. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин   2021-жылдын  29-мартындагы  №335/1   буйругунун негизинде жогорку кесиптик билим берүү программалары (магистратура) боюнча №D2019-0013 кошумча лицензия  берилип, магистрдик программанын  багыттарын  даярдоого уруксат берилген. Даярдоонун  багыты  боюнча  ар түрдүү профилдеги фундаменталдуу, интеграцияланган  адистерди  жана магистрлерди даярдоо үчүн жогорку кесиптик билим берүү программаларын  окутуп үйрөтөт.

         Баса, Магистратурада  педагогикалык багыттагы  адистерди  кызыкдар болгон тараптар (стейкхолдер)  менен биргеликте  негизги кесиптик билим берүү  программасынын  негизинде,  жогорку окуу жай тарабынан иштелип чыккан окуу программанын  мазмунуна ылайык  даярдалат.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз,

Сүрөттөрү автордуку.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс