• Сб. Янв 28th, 2023

Популярные метки

БАТКЕНДЕ ЖОЛ КЫРСЫКТАРЫНЫН АЛДЫН АЛУУ ҮЧҮН АТАЙЫН ЖУМУШЧУ ТОБУ ТҮЗҮЛӨТ

Автор:ruh_admin

Ноя 29, 2022

БАТКЕН. Баткен облусундагы Баткен райондук мамлекеттик акимчилигинде коомдук коопсуздукту жана укуктук тартипти камсыз кылуу көйгөйү кенен-чон талкууланды. Буга улай жол кырсыктарынын алдын алуу үчүн атайын жумушчу топ түзүү маселеси кабыргасынан коюлду.

Ошентип, аталган жумушчу топко жол кырсыктарынын алдын алуу жана болтурбоо максатында тиешелүү ыкчам профилактикалык иш чараларды жүргүзүү милдети коюлат. Баткен райоунун акими Учкунбек Жоробаев тиешелүү жетекчилерге автоунааларды техникалык кароодон өткөрүүнү ыкчам жолго коюу, айдоочулук күбөлүктөрдү жана укуктарды берүүдө мыйзамдуу талаптарын бекем сактоо, жол чырактар жана жолдорду түнкү жарыктандыруу маселелерин дагы чукул арада чечүү тапшырмаларын берди.

Баса, Баткен районунда акыркы күндөрү адам өмүрүн алган жол кырсыктары абдан эле көп катталууда.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз,

Сүрөттөрү автордуку.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс