• Сб. Янв 28th, 2023

Популярные метки

АГАРТУУЧУ БЕКЕМБАЙ АПЫШЕВДИН 90 ЖЫЛДЫГЫНА АРНАЛДЫ

Автор:ruh_admin

Ноя 29, 2022

ОШ. Таанымал окумуштуу, педагогика боюнча ЖОЖдор жана мектеп мугалимдери  үчүн окуу китептерин, усулдук колдонмолорду кыргыз тилинде биринчи жарыкка чыгарган атактуу илимпоз Бекембай Апышевдин 90 жылдык мааракесине арналган илимий-практикалык конференция ОшМУнун педагогика жана психология факультетинде аяктады.

Аталган иш-чарага ОшМУнун илимий иштери боюнча проректору Руслан Арапбаев, Баткен облусунун Лейлек районундагы №3-эксперименталдык гимназиянын директору Гапыр Мадаминов, Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин өкүлдөрү, ОшМУнун педагогика жана психология факультетинин профессордук-окутуучулук жамааты катышты. Ошентип, илимий-практикалык конференцияда Бекембай Апышевдин бейнесине арналган, анын педагогикалык ишмердүүлүгү, эмгектери боюнча докладдар дагы окулду.

Баса, Бекембай АПЫШЕВ 1974-жылы Москвадагы СССР педагогика илимдер академиясында кыргыз агартуучуларынан биринчи болуп элдик педагогиканын материалдарынын  негизинде кандидаттык диссертациясын коргогон алгачкы окумуштуу. 1993-жылы профессор наамына татыган. Педагогика илими боюнча бир топ баалуу китептердин автору.  Бекембай Апышев педагогика илимине ийгиликтүү салым кошуу менен ОшМУнун өнүгүшүнө дагы өтө зор пайдасын тийгизген.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз,

Сүрөттөрү автордуку.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс