• Сб. Янв 28th, 2023

Популярные метки

ОШТО БЕШ АВТОМЕКТЕПТИ ЖАБЫШТЫ. ДАГЫ АЛТЫСЫНЫН ЛИЦЕНЗИЯСЫН ТОКТОТУШТУ

Автор:ruh_admin

Ноя 28, 2022

ОШ. Жол коопсуздугу кыймылынын Оштогу бөлүмүнүн кызматкерлери жана «Унаа» мамлекеттик ишканасынын өкүлдөрү бир катар автомектептердин мамлекеттик стандартка ылайыктылуугун дыкат текшеришти.

         Маалыматка караганда, аймактагы 55 автомектепте жана дагы 11 кесипчилик лицейде айдоочуларды окутушат. Булардын базасында алар ошондой эле кайра даярдоодон дагы өткөрүлүп турат. Бирок, текшерүүнүн жыйынтыгында, алты автомектептин лицензиясы токтотулду. Ал эми дагы бешөөнүкү кайрадан чакыртылып алынды.

         Соңунда мыйзамды орой бузган 26 автомектепке 17 миң сомдук айып салынды. Мындан тышкары алты автомектептин филиалдарынын ишмердүүлүгү дагы токтотулду. Адар ушуга улай 23 миң сом айыпка дагы жыгылышты.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз,

Сүрөттөрү автордуку.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс