ОШ. Кыргызстандын Түштүк башкаласында Адилет министрлигине караштуу Соттук-медициналык эксперттик кызматтын Түштүк башкармалыгынын жаңы имараты акыры ачылып, пайдаланууга тапшырылды.
Ошентип, аталган иш-чарага Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов, Адилет министри Аяз Баетов жана Адилет министрлигине караштуу Соттук-медициналык эксперттик кызматтын төрагасы Иманилла Кочкорбаев, ошондой эле укук коргоо жана сот органдарынын жетекчилери, мындан тышкары жергиликтүү тургундар катышышты.
Ушул тапта аталган кызмат экспертизанын жети түрүн жүргүзөт: соттук курулуш—техникалык экспертиза, соттук—бухгалтердик экспертиза, баллистикалык экспертиза, автотехникалык экспертиза, лингвистикалык экспертиза, химиялык экспертиза, кол жазма экспертизасы.
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз,
Сүрөттөрү автордуку.