• Сб. Янв 28th, 2023

Популярные метки

ОшМУга БАТЫШ ЧЕХ УНИВЕРСИТЕТИНЕН КОТОРУЛГАН СТУДЕНТТЕРДИН САНЫ ЖЫЛ САЙЫН АРБЫП БАРАТАТ

Автор:ruh_admin

Ноя 26, 2022

ОШ. ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков университеттин Эл аралык мамилелер факультетине Батыш Чех  университетинен келишип,  билим алышып, Ата Мекенине кайтып баратышкан студенттер менен жолугушту. Анда окуу жай жетекчиси студенттерге атайын сертификаттарды дагы тапшырып, мындан кийинки окууларына ийгиликтерди  каалады. 

Баса, ОшМУ менен Батыш Чех университетинин ортосунда 2017-жылы билим жана илим тармагындагы байланыштар түзүлүп, эки тараптуу кызматташуу келишимге дагы кол коюлган.
Эки университеттин кызматташтыгынын алкагында Эл аралык мамилелер факультети студенттик академиялык мобилдүүлүк программасын ийгиликтүү жүзөгө ашырууда. Буга байланыштуу 2017-жылдан бери  Батыш Чех университетинен  63 студенти Эл аралык мамилелер факультетине келип окуп кетишкен.

Ал эми жыл сайын Чехиядан Эл аралык мамилелер факультетине күзгү семестрге, ал эми биздин студенттер жазгы семестрге Батыш Чех университетине барышат.  Эл аралык мамилелер факультетинин 12 студенти ушул окуу жылынын жазгы семестрине Чехияга академиялык мобилдүүлүк программасы боюнча окууга барырмакчы.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз,

Сүрөттөрү автордуку.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс