ЖАЛАЛ-АБАД. Жалал-Абад облусуна караштуу эң алыскы Чаткал районунун борбору Каныш-Кыя айылындагы маданият үйүнүн имаратынын бир бөлүгү чукул арада оңдоп—түзөөдөн өткөрүлүп, заманбап калкты тейлөө борбору катары пайдаланууга тапшырылды.
Аталган иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы Өкүлүнүн орун басары Эркинбек Маматаев, Чаткал районунун акими Алтынбек Сенирбаев, мекеме кызматкерлери жана айыл тургундары катышышты.
Ошентип, айтылуу Каныш-Кыя кыштагындагы Калкты тейлөө борборун уюштурууга жергиликтүү бюджеттен 2,5 миллион сом акча каражаты жумшалды. Эми аталган борбор Чаткал районунун 31 миңден ашуун калкына ыкчам электрондук кызмат көрсөтөт.
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз,
Сүрөттөрү автордуку.