• Сб. Янв 28th, 2023

Популярные метки

БАТКЕНДИКТЕР 1-ДЕКАБРДАН ТАРТА ПАППИЛОМАГА КАРШЫ ЭМДЕЛЕТ

Автор:ruh_admin

Ноя 26, 2022

БАТКЕН. Баткен облусттук үйбүлөлүк дарыгерлер борборунун кызматкерлери мектеп окуучулары арасында папиллома вирусу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү күчөтүштү. Аталган мекемеден билдиришкендей, ушул жылдын 10-декабрынан тартып Баткен жергесинде паппиломага каршы эмдөө дагы жүргүзүлөт.

Ошентип, декабрь айы ичи 11 жаштан 14 жашка чейинки кыздар аталган эмдөөдөн өткөрүлөт. Ошондой эле эмдөө ыктыярдуу түрдө, анан дагы акысыз жүргүзүлөт. Папиллома вирусу — жатын моюнчасынын рагын пайда кылат. Бул ден соолукка олуттуу коркунуч туудурган илдет жана калк арасында абдан кеңири таралган. Рактын аталган түрү Кыргызстандагы аялдардын рак оорусуна чалдыккандардын арасында экинчи орунда турат. Папиллома вирусу 15 жаштан 44 жашка чейинки аялдарда рактын эң көп таралган түрү болуп саналат.

Дарыгерлер баса белгилешкендей, өспүрүм кыздарды пландуу эмдөө жатын моюнчасынын рагынын сөзсүз алдын алат. Жыл сайын Кыргызстанда 600дөн ашуун папилома учуру жана 300гө жакын өлүм дагы катталат.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз,

Сүрөттөрү автордуку.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс