БИШКЕК. Иликтөөчү журналист Болот Темиров «жалганчылыгы жана документтерди жасалгалагандыгы үчүн» Президент Садыр Жапаровдун жана УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин үстүнөн сотко даттанды. Бул туурасында ал социалдык түйүнүндө ачыктады.
- Ушул тапта мен расмий түрдө жар саламын. Президент Садыр
Жапаровдун жана УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин документти жасалгалаган дешкени — кызылдай жалган жана курук ушак! Ошондуктан, мен булардан айткандарын төгүндөөнү токтоосуз талап кыламын! Биз сотторго даттандык эле, тилекке каршы, алар арызды кабыл албай коюшту. Биз мындай аракетибизди алар арызыбызды кабыл алгыча дагы улантабыз! — деди иликтөөчү журналист Болот Темиров.
Ошентип, Болот Темиров мындан тышкары аталган үлкөн
аткаминерлерден моралдык чыгымдарын төлөтүүнү дагы талап кылмакчы. Анткени, Президент Садыр Жапаров жана УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргыз жарандыгын алуу максатында журналист Болот Темиров «аскердик билетти уурдаган» деп айыпташкан.
Эске салчу жагдай: Temirov Live командасы 2022—жылдын январында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин туугандары туурасында иликтөөсүн жарыялап, алар карамай (мазут) саткан ишкана 30 миллион сомдон ашуун пайда тапкандыгын жар салган. Ушундан көп өтпөстөн милиция “Temirov Live командасынын негиздөөчүсү Болот Темировдон маңзат табылды” деп кармашкан. Ошондо эле Темиров «маңзатты тинтүү маалында атайылап ташташкандыгын» айтып, анын үстүнөн козголгон кылмыш ишин «саясий куугунтук» деп атаган. А түгүл Эл аралык Уюмдар дагы журналистке байланышкан бул ишти «Билийктин жогорку эшалонундагы коррупцияны иликтегендиги үчүн өч алуу» сыңары сыпаттаган. Ал эми Кыргызстандын медиа коомчулугу муну «сөз эркиндигине жана дагы көз карандысыз басма сөзгө атака» катары эсептеп, абдан катуу тынчсызданган.
Ошого карабастан, Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту Болот Темировду маңзатты сактаган жана дагы чек араны мыйзамсыз кесип өткөн айыптоосу боюнча актап, ал эми документтерди жасалгалагандыгы үчүн күнөөлөгөн. Бирок, мөөнөтү өтүп кеткендиктен, журналист жазаны аткаруудан бошотулду.
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз,
Сүрөттөрү автордуку.