• Вс. Ноя 27th, 2022

Популярные метки

НООКАТ РАЙОНУНУН БОСОГОСУНДА ФЛАГШТОК ОРНОТУЛДУ

Автор:ruh_admin

Ноя 23, 2022

ОШ. Ош облусуна караштуу Ноокат районунун бсогосуна бийиктиги 41 метлик флагшток орнотулуп, узундугу 15 метрди түзгөн Кыргыз Республикасынын Туусун дагы көккө көтөрүлдү.

         Бул иш-чарага Кыргыз Республикасынын президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов, Ноокат районунун акими Данир Иманалиев, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары, ошондой эле мекеме-ишканалардын жетекчилери жана жергиликтүү тургундар катышышты.

         Белгилей кетчү жагдай: Кыргыз Республикасынын президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдиновдун тапшырмасына ылайык Ош облусунун аймагына катарынан флагштоктор орнотулууда. Буга дейре чейин облустун Алай, Кара-Суу жана Араван райондорунун кире беришинде дагы флагштоктор орнотулган.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз,

Сүрөттөрү автордуку.

 

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс