• Вс. Ноя 27th, 2022

Популярные метки

КЫРГЫЗСТАНДЫН БАРДЫК МЕКТЕПТЕРИНИН ОКУУЧУЛАРЫ КҮНҮМДҮК ТАМАКТАНУУСУНДА КЕФИР  ИЧИШЕТ

Автор:ruh_admin

Ноя 23, 2022

БИШКЕК. Кыргыз Республикасындагы 124 мектептин баарынын тең башталгыч класстарынын окуучулары активдүү өсүү мезгилинде жергиликтүү өндүрүштөгү кефир аркылуу керектүү азыктарды дагы алып турушмакчы. Мындай мүмкүнчүлүккө Мерсико тарабынан жүзөгө  ашырылып жаткан USDA МакГоверн-Доулдун «Билим үчүн азык жана балдардын тамактануусу» программасынын алкагында жетүүгө аракет жасалды.

         Ошентип, мындан ары МЕРСИКО тарабынан «Белая река» жергиликтүү өндүрүшүнөн сатып алынган жалпысынан 141 000 литр кефир төрт аймактагы башталгыч мектептерге таратылат: Чүй облусунда — 19 мектеп, Жалал-Абад облусунда — 26 мектеп, Ош облусу боюнча — 64 мектеп жана Баткен облусунда — 15 мектеп. Ар бир кыргызстандык окуучу күн сайын 40 граммдан дени сак өсүү үчүн кальцийдин, бифидобактериялардын жана башка белоктордун булагы эсептелген кефир ичишет. Беш жыл аралыгында «Билим берүү үчүн азык жана балдардын тамактануусу» программасы жергиликтүү кефир өндүрүүчүлөр менен биргеликте 400дөн ашуун мектепти кефир менен камсыздоону максаттап жатат.

  • МЕРСИКО уюмунун программалары жергиликтүү ишкерлерди,

алардын     өндүрүрүшү үчүн туруктуу максаттуу рынокко айлана турган мектептер менен байланыштыруу аркылуу колдойт. Бул алака балдар үчүн дени сак тамак-ашка туруктуу суроо-талапты жаратып, жергиликтүү экономикага салым кошот, — деди Кыргыз Республикасындагы Мерсиконун директору Елена Бурян. — Жергиликтүү өндүрүүчүлөр жана жеткирүүчүлөр программага катышуу үчүн талап кылынган азык-түлүк коопсуздугу жана отчеттуулук стандарттарына дагы толук кандуу жооп бериши абзел!

         Баса, 2022-2023-окуу жылында программанын биринчи агымындагы 124 мектеп азык-түлүктөн тышкары, мектептердин ашканаларын дагы оңдошуп, окуучуларга ысык тамак даярдоо үчүн жаңы жана заманбап жабдууларды ала алышат. Ошондой эле Программа окуучулардын жана мугалимдердин ден соолугун жана коопсуздугун камсыз кылуу максатында мектептерде суу, санитария жана гигиена инфратүзүмдөрүн калыбына келтирүүдө. Мындан тышкары мектеп жамааты жана ата-энелер кыргызстандык балдардын рационун, ден соолугун жана тамактануусун жакшыртуу үчүн зарыл болгон окуулардан дагы өтүшмөкчү.

         МЕРСИКО – Кыргыз Республикасында 1994-жылдан бери иштеп келе жаткан эл аралык бейөкмөт уюм. МЕРСИКО 2012-жылдан бери Кыргыз Республикасында USDAнын колдоосу аркасында МакГоверн-Доулдун «Билим үчүн азык жана  балдардын тамактануусу» программасын жүзөгө ашырып келатат. Бул Программанын жаңы айлампасы 2021–2026-жылдарды ичине камтыйт.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз,

Сүрөттөрү автордуку.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс