• Вс. Ноя 27th, 2022

Популярные метки

КЫРГЫЗ ЧОҢДОРУ АЛАЙ РАЙОНУНДА ЖАШАП ЖАТЫШКАН ПАМИРЛИК КЫРГЫЗДАРДЫН АЛ-АКЫБАЛЫН СУРАШТЫРЫШТЫ

Автор:ruh_admin

Ноя 23, 2022

ОШ.  Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жылдыз Полотова Жогорку Кенештинин депутаттары менен чогуу-чараан Ош облусунун Алай районуна караштуу Талды-Суу айылында жашап жатышкан памирлик кыргыздардан кабар алышты.

         Баса, ушул тапта Алай районунда 17 памирлик кыргыздардын үй-бүлөсү жашайт. Булардын арасынан 35 бала жөлөкпул менен, 2 адам карылыгы боюнча пенсия менен камсыз этилген. Ошондой эле мектеп жашындагы жана андан чоңдору дагы билим берүүгө активдүү тартылган. Мамлекет тарабынан каралган бардык социалдык кепилдиктер дагы буларга жеткиликтүү.

         Ошентип, ушул тапта Алай районуна караштуу Талды-Суу айылында жашап жатышкан памирлик кыргыздар кайра бөлүштүрүү фондунан жер бөлүштүрүү маселесин үстөккө-босток көтөрүштү. Жергиликтүү бийлик аталган маселени чечүү жаатында иштерди алып баруусу зарылдыгы дагы баса белгиленди.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз,

Сүрөттөрү автордуку.

 

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс