• Вс. Ноя 27th, 2022

Популярные метки

 ЭДИЛ БАЙСАЛОВ ОШ ШААРДЫК КЛИНИКАЛЫК ООРУКАНАСЫНА БАШ БАКТЫ

Автор:ruh_admin

Ноя 23, 2022

 ОШ. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Ош жана Жалал-Абад облустарына жасаган жумушчу сапарынын алкагында Ош шаардык клиникалык ооруканасынын балдардын жугуштуу оорулар стационарынын иши менен дагы жеринде таанышты.

         Бул иш сапарынын алкагында сезондук сасык тумоо жана жугуштуу оорулар күчөгөн мезгилде бейтаптарга өзгөчө көңүл бурууну баса белгиледи. Ошондой эле калкка кызмат көрсөтүүнүн жана алдарды тейлөөнүн сапатын ого бетер жогорулатуу, кайрылган жарандардын арасында кезек күтүүнүн алдын алууга өзгөчө көңүл буруу боюнча тапшырмаларды дагы берди.

         Кыргыз Өкмөтүнүн башчысынын орун басоры Эдил Байсалов сапарынын соңунда акыркы учурда сезондук вирустук оорулар менен бейтапканага кайрылгандар көбөйүп жаткандыгын айтып, буларды токтотууга чукул чараларды көрүүнү тапшырды.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз,

Сүрөттөрү автордуку.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс