• Вс. Ноя 27th, 2022

Популярные метки

БАТКЕН ШААРЫНА ЗАМАНБАП АЛТЫ АВТОБУС АЛЫНЫП КЕЛИНДИ

Автор:ruh_admin

Ноя 23, 2022

БАТКЕН. Баткен шаарынын тарыхында биринчи жолу алты хаңы жана заманбап автобус алып келинди. Бул туурасында президенттин Баткен облусундагы  ыйгарым укуктуу өкүлү Абдыкарим Алимбаев редакциябызга өзү сүйүнчүлөдү.

  • Баткен шаарыбызда жакшы саамалык жүз берди. Калаа

тарыхында биринчи жолу алты автобус алынып келинди. Бул автобустар «Айыл банк» тарабынан алты жылдык мөөнөттө лизинг аркылуу сатылып алынды. Буюрса, булар шаар калкын тейлөөгө гана жумшалат. Ал эми келген автобустарды туура иштетсек, өзүнөн түшкөн акчанын эсебинен алты жылда өзүнөзү каржылоого болот. Мындан тышкары баарыңыздарга маалым болгондой, Дүйнөлүк банк тарабынан дагы Баткен облусуна 50 миллион доллар каражат бөлүнгөн. Баткен облусун өнүктүрүүгө багытталган долбоордун алкагында бөлүнгөн бул каражаттын эсебинен Баткен, Кадамжай жана Раззаков шаарларын өнүктүрүү жагы дагы каралган.

Баткен облусунун жетекчиси Абдыкарим Алимбаев мунун  ичинде Баткен шаарындагы Манас комплекси жана шаардагы эс алуучу эки парк дагы оңдолоорун убудалады. Буюрса, декабрь айынын башында жумуш башталып, шаар тургундары үчүн жакшы шарттар түзүлүп, Баткен шаары өнүгүү жолуна түшөт деген ишеничтебиз.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз,

Сүрөттөрү автордуку.

 

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс