• Вс. Ноя 27th, 2022

Популярные метки

ОшМУ 85 ЖАШТАГЫ СТУДЕНТИ МАМАТ КУЛМАТОВДУ МЫНДАН АРЫ БЕКЕР ОКУТАТ

Автор:ruh_admin

Ноя 22, 2022

 ОШ. ОшМУнун биринчи курсунун 85 жаштагы студенти Мамат Кулматов контракт акысын төлөөдөн биротоло бошотулду. Бул туурасында аталган ЖОЖдун ректорунун жардамчысы Мелис Маматжан уулу редакциябызга сүйүнчүлөдү.

         Буга улай ОшМУнун ректорунун жардамчысы Мелис Маматжан уулунун айтымында, 85 жаштагы студенти Мамат Кулматовго студенттик жатаканадан орун дагы ажыратылды. Анткени, ушуга дейре бирөөнүн батиринде ижарада жашап, ай сайын 2500 сом дагы төлөчү экен.

— Ушул тапта заманбап шарттагы жатканада жашып жатамын. Мен үчүн ОшМУнун жетекчилиги окуума өзгөчө шарттарды жаратып олтурат. Мен окуу үчүн жыл сайын 45 миң сом контракт төлөмөкүмүн. Эми мындан ары бекер гана окуймун, — деп кубанычын жашырган жок карыя студент Мамат Кулматов.

         Ошентип, карыган-арыган чагында Кыргызстандагы эң аксакал студент Мамат Кулматов ОшМУнун фармакология адистигине окуп жаткан чагы. Университетке тапшырганга чейин аксакал 79 жашында медициналык коллежге дагы тапшырып, анда дээрлик үч жыл билим алганга үлгүрдү.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз,

Сүрөттөрү автордуку.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс