• Вс. Ноя 27th, 2022

Популярные метки

НООКАТТА ЖЕР СЕМИРТКИЧТЕРДИ ӨНДҮРҮҮ БОЮНЧА ИШКАНА КУРУЛАТ

Автор:ruh_admin

Ноя 22, 2022

ОШ. Ош облусуна караштуу Ноокат районунун Төрөбай Кулатов Айыл Өкмөтүнүн аймагында 200 миллион долларга жер семирткичтерди өндүрүү боюнча заманбап ишкана курулат.

Аталган ишкана 100 гектар жерге курулуп, жылына 1 миллион тонна, ал эми күн сайын 200 тонна минералдык жер семирткичтерди өндүрөт. Заводдо 800-1000 киши дагы туруктуу жумуш менен камсыздалат. Минералдык жер семирткичтерди чыгаруу үчүн көмүрдүн майдасы (гүмин) гана колдонулат.

         Ушул тапта аталган жерди трансформациялоо жараяны абдан кызуу аткарылууда.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз,

Сүрөттөрү автордуку.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс