• Вс. Ноя 27th, 2022

Популярные метки

ЛЕЙЛЕКТЕ 2 МИЛЛИОН СОМДУК ГУМАНИТАРДЫК ЖАРДАМ КАЯККА ЖОГОЛДУ?

Автор:ruh_admin

Ноя 22, 2022

БАТКЕН. Лейлек районунун Кулунду Айыл Өкмөтүнүн айрым тургундары президент Садыр Жапаровго акыры Кайрылуу жолдошту. Бул тууралуу «Интербилим- Ош» коомдук уюмунун Фейсбук баракчасына жарыяланды.

Кайрылууда Боркош Мавлянов аттуу тургун айылдык Кеңештин депутаттары мыйзам чегинде иштешпестен, гуманитардык жардам иретинде келген 2 миллион сом акчаны өз кызыкчылыктары үчүн  колдонушкандыгын жар салды.

— Урматтуу Садыр Нургожоевич! Кымбатуу Камчыбек Кыдыршаевич! Сиздерге кайрылуубуздун себеби: биздин депутаттар элге келген гуманитардык жардамды өз билемчилик менен, жеке  кызыкчылыгына колдонуп жатышат. 2 миллион сом акча келген экен элге деп, аны да өз кызыкчылыгы үчүн КАМАЗ алып, иштетип жатышат. Баткен облусунда мыйзам деген нерсенин жыты дагы жок! Урматтуу Курманкул Зулушев! Сиз дагы ушуну дыкаат карап берсеңиз? Сиздерден биз жалпы Кулунду Айыл Өкмөтүнүн эли суранабыз? Булар гуманитардык жардамдарды дайыма өз кызыкчылыктарына колдонуп келатышат. 100 тонна цемент, 100 куб жыгач келген. Муну дагы өз пайдасына бирөөлөргө алып барып сатып бер дегенине күбөлөр бар. Бул боюнча прокуратурага дагы кайрылганбыз, — дешет Лейлек районунун Кулунду Айыл Өкмөтүнүн тургундары.

Мындан тышткары Кайрылуу жасагандар элге бөлүнгөн акчанын тегиз бөлүнүп берилбегендигин дагы кошумчалашты.  

Ал эми Лейлек районундагы Кулунду айылдык Кеңешинин төрөгасы Шайырбек Орозалиев кайрылуудагы дооматтар боюнча төмөнкүлөрдү билдирди: — 2022-жылы 14-17- сентябрь окуясынан кийин, Рустам Жапаров келип 2 миллион сом акча берип кеткен. Ал муну күйүүчү май иштетесиңер деп берген эле, бирок кийин күйүүчү май менен Өзгөчө Кырдаалдар Министрлиги камсыздай турган болгондуктан, бул акчага жүк ташыган унаа ала турган болгонбуз. Бул боюнча комиссия дагы түзүлгөн. Комиссиянын балдары а түгүл Рустам Жапаров менен сүйлөшүп, «Бизге техника керек болуп жатат, күйгөн үйлөргө топурак, таш ташыйт» деп уруксатын алган. Анан депутаттык комиссиянын көзөмөлүндө эки КАМАЗ алдык. Бирин 750 миң сомго, экинчисин 960 миң сомго сатып алганбыз. Бул боюнча элге деле маалымат берилген. Азыр эми бул Кайрылууну үч-төрт адам эле уюштуруп жатышат. Алар 2 миллион сомдун четинен бизге чыгарып бересиңер деп келгенде, укпай койсок ушундай кадамга барышыптыр…

         Буга улай Лейлек районундагы Кулунду айылдык Кеңешинин төрөгасы Шайырбек Орозалиев аталган Кайрылууну курулай каралоо сыңары баалап, бул боюнча прокуратурага дагы кайрылышаарын бизге кошумчалады.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз,

Сүрөттөрү автордуку.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс