• Сб. Янв 28th, 2023

Популярные метки

Бекембай АПЫШЕВ: “МУГАЛИМДИ БИРИНЧИ ПЛАНГА АЛЫП ЧЫГА АЛБАГАН КООМДУН КЕЛЕЧЕГИ КҮҢҮРТ!”

Автор:ruh_admin

Ноя 22, 2022

 ОшМУнун профессору Бекембай АПЫШЕВ педагогика илимдеринин кандидаты эле. Бул Кыргыздын Сухомлинскийи көзү өтүп кеткендигин эми гана эшитип, жан дүйнөм аябай         эңшерилип олтурат. Аттиң… Аттын кашкасындай таанымал илимпоз ЖОЖдор үчүн бир катар окуу куралдарынын, мектеп мугалимдерине арналган заманбап усулдук колдонмолорунун дагы автору болчу. Мен агайга аз эле убакыт мурун жолугуп, чер жаза маек кургамын. Терең үңүлсөм, дал ушул сукбатыбыздын маани-мазмуну дагы эле эскирбептир. Аттиң, арман! Жарыктык устатым менин бул маегимди өзү окуп, анан дагы каалаган пикирин айтса болбойт беле…

  • Агай, биз билгенден Сиз агартуу майданында көптөгөн жылдар

бою төбөңүз менен жер казып гана иштедиңиз. Ошондуктан, бул тармактын аки-чүкүсүн өтө жакшы билесиз. Эки доорду (социализмди жана Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн баштапкы жылдарын) башыңыздан кечирген инсан катары азыркы агартуу өңүтүнө көз карашыңыз дээрлик өзгөрбөгөндүр?

  • Тээтигил өткөн кылымыдын башындагы айтылуу Октябрь

төңкөрүшүнүн (1917-жылдын 7-нобярындагы социалисттик революциянын — автор) Кыргыз элине жасаган жакшылыгын унутсак, анык эле Кудай урбайбы. Ушунун шарапаты аркасында кыска аралыкта калкыбыздын туташ сабатсыздыгы жоюлуп, баары тегиз билимдүү болушпадыбы. Мындай масштабдуу ийгиликти жаратууда советтик мектептердин  өзгөчө ролун тануу дегеле жарабас!

         Ошентсе дагы, мен мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, чындыкты шардана кылууга тийишмин! МЕКТЕП – РУХАНИЙ БЕШИК! Демек, ал коом менен мүдөөлөш жашап, анын буюртмасын гана аткарат. Тилекке каршы, биздин азыркы мектеп коомубуздун учурдагы талабын аткарууга таптакыр жараксыз! Бул кебетебизде бюрократия, партократия, технократия илдеттеринен чукул арада арылчудай түрүбүз жок! Дал ушулардын түздөн-түз кесептинен элет жергесиндеги мектептерибизде агартуу системасы мышык ыйлагыдай кейипти кийди.

  •  Бир кезде Кыргызстандын Улуттук Алтын Фондун түзүү

демилгеси көтөрүлбөдү беле. Деги азыркыдай кыйчалыш кезеңде мунун зарылчылыгы бар беле?

  • АКЫЛ менен АЛТЫН тапсак болот. Ал эми тескерисинче,

АЛТЫНГА АКЫЛ сатып алууга таптакыр мүмкүн эмес! Кыргыз калкы үчүн алтындан дагы кымбат Чыңгыз Айтматов, Муса Адышев, Гапар Айтиев, Иса Ахунбаев, Сүймөнкул Чокморов, Абыт Ибраимов, Рыспай Абдыкадыров өңдөнүшкөн калкыбыздын Руханий дараметин дагы байыта турган азаматтарыбызды жанагыл ары жок технократ аткаминерлерибиздин сөзүн эки кылышпаган күн карама мугалимдерибиз өстүрбөстөн, тескерисинче, уламдан улам мойсоп жатышпайбы…

  • Бул аркылуу агай Сиз деги эмнени айтмакчы элеңиз?
  • Айланайын, Алишер уулум! Биз оңбогон Батышты туурап, а түгүл

соңку тапта булардын бал тилине кирип жүрүп акыры эмне таптык? Бүгүнкү он бир жылдык окуу Программабыз биздин Улуттук менталитетибизге дегеле ылайыксыз! Менимче, Кыргызстанда өзүбүздүн Улуттук кулк-мүнөзүбүзгө ылайыкташтырып, мектептерибиздеги окуу Программаларын жети жылга гана ченеп түзсөк, мындан баарыбыз тең утмакпыз! Себеби, уул-кыздарыбыз он эки жашка толгондо эле наристе курагы дээрлик түгөнөт. Ал эми биз, тескерисинче, окуу мөөнөтүн он бир жылга дейре узартып, бул аркылуу өспүрүмдөрдөгү социалдык инфантализмди ого бетер күчөтүп, аларды моралдык жактан өзүбүз бузуп жатпайбызбы…

  •  Кыскасы, Батышты туураган өнөкөтүбүз акыры биздин түбүбүзгө

жетпейби?!?

  • Батышты ээрчигени үчүн жаштарыбыз күнөөлүү эмес! Буга Эл жана

Жер тамырынан ажыраткан МЕКТЕП  АЙЫПТУУ! Билесиңби? Калкыбыздын руханий дүйнөсүнөн кол жууган мектепти коом өзү эле тез жерийт. Мындай учурда бала өз улутунун ар-намысын коргомок түгүл, ага дейре адамдык сапатын, уят-сыйытын таптакыр жоготот. Күнүмдүк жыргалга гана куп азгырылып-алданып, карамагындагыларды жана жанындагыларды каалашынча талап-тонойт. Бул илдет бара-бара моминтип бүгүнкүдөй орду толгус мүшкүлдү гана башыбызга үйөт. А мындай трагедиядан Кыргызстанды куткарганга МЕКТЕП ГАНА ЖАРАЙТ!

  • Демек, агай, республикабыздагы бардык мектептер нукура

Кыргыз колоритине негизделиши кажет экен да?

  •  Ооба! УЛУТТУК ПЕДАГОГИКАнын учугун улаган ИЛИМ жана

МАДАНИЯТ гана келечектүү АГАРТУУ СИСТЕМАСЫН түптөөгө жөндөмдүү!  Тилекке каршы, бир кылымдан бери элетте иштеп келатышкан мектептерибизди Кыргыздын нукура УЛУТТУК МЕКТЕПТЕРИ дегенге дегеле ооз барбайт! Анткени, булардын баарында тең эмдигиче КЫРГЫЗ РУХУ. КЫРГЫЗ ПЕЙИЛИ, КЫРГЫЗ КУЛК-МҮНӨЗҮ жана КЫРГЫЗ ИДЕЯСЫ өкүм сүрө элек. Мындан тышкары дагы бүгүнкү олку-солку заманда азыркы кырдаал жөн эле шылтоого айланып олтурат. Ошентип, аткаминерлеребиздин көктөн издегени ушул кезде жерден табылып, УЛУТТУК МҮНӨЗДӨГҮ окуу куралдарын тегиз басууга каражат жок! Мына сага опоңой жооп!

  •  Агай, дасыккан адис сыңары “Кыргызстандагы агартуу

системасын реформалоону эң ириде мектептен гана баштоо абзел!” дегендерге кошуласызбы?

  • Муну мен чын дилимден, а түгүл кош колдоп гана кубаттаймын!

Агартуу реформасын төмөндөн баштасак, албетте, мындан баарыбыз тең утабыз! Муну үчүн, биринчиден, Кыргыз колоритиндеги Окуу Программаларын түзүүбүз кажет! Анан дал ошого ылайыкташтырып Окуу Куралдарын жазуубуз ийги! Экинчиден,  куракташ – теңтуш балдарды бир класска топтоп-камап, мажбурлап окутуудан баш тартпайлыбы? Анткени, мойнунан байлаган ит баары бир ууга жарабайт! Үчүнчүдөн, мугалимдерге тегиз — бирдей гана өлчөмдө маяна төлөгөнүбүз дегеле калыстыкка жатпайт. Менимче, новатор – изденгич агартуучуларыбызга айлыкты ченемсиз көбөйткөнүбүз сөзсүз үзүрүн гана берээрине бекем ишенем!

СОҢКУ СӨЗ ОРДУНА

         Кезинде ушул маектин автору мен дагы дасыккан педагог Бекембай АПЫШЕВдин колунан Ош мамлекеттик пелдагогикалык институтунда (азыркы Ош мамлекеттик университетинин филология факультетинде — автор) окуп калган жайым бар. Агайдын нукура психологдугуна – көрөгөчтүгүнө азыркыга дейре таң калам. “Алишер, таарынба? Сенден дегеле мугалим чыкпайт! Бирок, камчы салдырбаган журналистке айланасың!” дечү элеңиз, жарыктык. Сиздин тилегиңиз орундалды, агай. Бирок, менин мүдөөм аткарылбады. Сиз бизди таштап, арабыздан эрте кеттиңиз… Менин бул маегим эми Сиздин бейитиңизге койгон гүлдестем болсунчу!

Кепке тарткан: Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз.

Сүрөтү автордуку.

 

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс